Талды-Булак базальт кени

Википедия дан

Талды-Булак базальт кени Чүй областынын Кемин районунда, Орловка шаарынан 10 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан. 1993-жылы табылган. Продуктулуу тектер девон мезгилинин арал свитасынын экинчи кабаттар тобунун спилиттери, долеттери жана базальттарынан түзүлгөн. Технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде кендин базальтынан өтө ичке штапелдик була алууга мүмкүн экендиги аныкталган. Болжол ресурсу 10–11 млн тонна.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]