Талипова Шахра

Википедия дан

Талипова Шахра (25. 6. 1953-жылы туулган, Жалал-Абад областы, Токтогул району, Өзгөрүш айылы) – ырчы, аткаруучу.

СССР маданиятынын отличниги (1986). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1988), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995).

1970-жылы Б. Бейшеналиева атындагы КМИИге өткөн, бирок Токтогул районунда элдик театр ачылгандыгына байланыштуу, анда иштеп калган (1970–94). «Миң кыял» элдик-этнографиялык ансамблде ырдап, театрга коюлган спектаклдерде ар кыл ролдорду аткарган. 1994-жылдан Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад областтык филармониясында иштейт. Репертуарынын өзөгүн Ж. Шералиев («Түшүмдө»), Р. Абдыкадыров («Сагынуу»), А. Керимбаев («Көл баяны»), А. Бедияров («Бир сырым», «Кечирчи», «Алсаң боло», «Аман бол, сенден түңүлбөйм», «Көзүңдөгү керемет», «Барам сага»), Ж. Кочкоров («Көңүлдө бир жүрөлү», «Карайм дайым жолуңду») ж. б. обончулардын ырлары түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]