Талкаланды тoo тектер

Википедия дан

Талкаланды тoo тектер – ар түрдүү тоо тектердин (чөкмө, жанартоо, метаморфизмделген) жана минералдардын (кварц, талаа шпаты, слюда, глауконит ж. б.) сыныктарынан пайда болгон чөкмө тоо тек. Жер кыртышына (литосфера) сырткы күчтөрдүн (гидросфера, атмосфералык жана биосфера) таасиринен да пайда болот. Талкаланды тоо тектер камдашкан жана камдашпаган борпоң түргө ажыратылат. Камдашкан талкаланды тоо тектердин камдаштыргыч заттары: карбонаттар, кремний кычкылы, темир кычкылдары, чопо ж. б. Көпчүлүк учурда талкаланды тоо тектердин арасында жандыктар менен өсүмдүктөрдүн калдыктары да жолугат. Сырткы түзүлүшүнө жана көлөмүнө карай класстарга ажыратылат. 1. Сыныктарынын көлөмү 1 мден жогору болгон кесек талкаланды тоо тектер же псефиттер; борпоң түрү: келки сыныктар, жумуру таштар, шагыл, гравелит (сайташ), үбөлөндү; камдашкан түрү: конгломерат ж. б. 2. Кумдуктар же псамиттер (1–0,05 мм). Күлбото же алеврит, бүртүкчөлөрүнүн көлөмү 0,05–0,05 ммге чейин. 3. Чопо тектери же пелиттер, бүртүкчөлөрүнүн көлөмү 0,005 ммден майда (чопо, аргиллит ж. б.). Чопо тектери химиялык жол менен жана талкаланды тоо тектерден пайда болот. Талкаланды тоо тектер – баалуу курулуш материалы. Жогорку сапаттуу кварц куму айнек жана металлургия өнөр жайында пайдаланылат. Өзөн жана деңиз кумдуктарынан ар түрдүү металл кенташтын чачынды кенин жолуктурууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]