Талкан бий

Википедия дан

Талкан бий (Талкан Чаа уулу) — 18 кылымдагы Солто уруусунун бийи. Кыргыз санжырасында Талкан бий Чаанын тукумунан деп эсептелинет.

Чаа уулу Талкан
Кыргыз бирикмеси
 
Уруусу: Солто уруусу
Атасы: Чаа бий
Балдары: Коңурбай
Кошой
Бакы
Багышан
Байболот
Алдаң
Делдең
Бекиш
Чеки
Кесиби: Бий, Баатыр

Солтонун Чаа деген баласынан тукум көп, мындан эл бийлеген чоң манаптар көп чыккан. Чаанын Бөлөкбай, Талкан, Тата деген үч уулу болгон. Талкандын Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Байболот, Алдаң, Делдең, Бекиш, Чеки деген тогуз уулу болуп, алардын ар биринен өзүнчө уруктар бөлүнүп чыккан. Талкан бийдин улуу баласы Коңурбайдын жалгыз уулу - Жайыл, бирок андан тарагандар көп, анын үстүнө Жайылдын баатырлыгынан улам ага жамаатташ башка тукумдар да Жайыл эли аталып кеткен. Солто ичинде Талкандардын Кошой деген баласынан көп манап, атактуу баатыр, акылмандар чыккан.
Чаанын улуу баласы Талкан, бир туугандары Бөлөкбай, Тата, көптөөн жылдар бою аттан түшпөй, тыным албай өз жерин, өз элин тышкы душмандардан сактоо үчүн тынымсыз жортуулда болушуп, тышкы душмандар менен салгылашып жоокерчилик заманда жашашкан.
Кыргыз элинин өз жерин коргоп тышкы душмандар менен болгон негизи күрөшү 17-кылымдан 18-кылымдын ортосуна чейин ойрот-калмактар менен болгон. Алардын мамлекети Жуңгар хандыгы деп аталган. Чаанын балдары жана тукумдары ойрот-калмактардын басып алуусуна каршы 1670-1697-ж.ж. активдүү күрөшүшкөн. Бул мезгилде Жуңгар хандыгынын тайчысы Галдан Бошотку менен болгон күрөштө анын кысымына которгондо азыркы Кетмен-Төбө өрөөнүнөн жер которуп кетүүгө мажбур болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чүй облусу. Энциклопедия.-Б.. 1994