Талкуу

Википедия дан

Талкуу – жыгачтын кургай элек кезинде ийрисин түзөтүүчү аспап. Жумуру жыгачтан ортосу кенен оюлуп, кырлары ири быдырлуу араа тиш (азуусу) түрүндө жасалат. Бир же бир жарым кулачтай узун, ок жыгачынын баш жагы да азууланат. Ийленүүчү чылгый терини бир адам талкууга бүктөп, улам оодарып турат. Экинчи адам ок жыгачты өйдө-ылдый сүргүлөп өйкөйт. Бир метрдей аштама жыгачтан талкуу жасалып, ага тери арта салынып, жайылат да, тизе менен басылып ийленет. Талкуу тери ийлөөгө ылайыкталып жасалган курал катары да байыртан белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]