Талкуу:Кыргызстандын герби

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Эми герб жөнүндө. Мамлекеттик символдор натура болбой же кандайдыр бир турмуштук тайыз ойлорго негизделбей (азыркы учурдагыдай) тереңирээк келген фундаменталдуу ойлорго-принциптерге негизделиши зарыл. Кыргыз башынан системалуу билимге ээ болгондуктан мындай принциптер кыргыз таанымында бар. Ошондуктан, аларды колдонуу менен төмөндөгүдөй гербти талкууго койомун. Cайтты кара: www.university.kg – Публикации - ППС


Герб тегерек кыргыз түндүгүнүн элесинен жана эллипсоид фигураларынан турат. Эллипсоид – бул Бар дүйнөүн символу, себеби анын эки уюлу бар. Тегерек – бул Жок дүйнөнүн жана дүйнөдөгү бир бүтүндөйдүн символу, анын бир эле уюлу болот (А. Мюррей. “Человек, творящий чудеса” же автордун “Кыргыз ким” китептери). Эллипсоиддин ичинде “Кыргыз Республикасы” деген жазуу бар. Бул “Кыргыз мамлекети, дүнүйөсү - Бар дүйнөнүн бири” дегендик. Жазуу Теңирчиликтин белгисин курчайт. Ал Кыргыз республикасы ушул белгиде айтылган ойлор-принциптер менен жашайт дегендик эмеспи. Кыргыздын Бар дүйнө жөнүндөгү түшүнүгү көргөндөр үчүн анын экинчи тили болгон кыргыз оюму менен тегерек түндүктүн элесинде кошумчаланып баяндалат. Тактап айтканда, кыргыздын түшүнүгү боюнча, Бар дүйнөнүн өнүгүшү кайталанма (циклдүү) түрдө болоору жана мындай цикл 4 этаптан, ал эми анын ар бири 7 баскычтан (алты “кыял” оюму + бир “адам” деген экинчи кыргыз оюму) тураары баяндалат. Этаптардын алмашышы “Таанууну тануу” мыйзамы менен болоору “адам” жана “кыял” оймолордун комбинациясы менен берилген. Төртилик (4) менен жетилик (7) касиеттер дүйнө менен кишиде негизги ролдорду ойноору азыркы илим менен акырындап аныкталууда. Демек, илгери эле мындай түшүнүктөргө жеткен кыргыз өзүнүн символунда башка элдерде болбогон экинчи тили менен аны баяндап, колдонуп башкалардан айрымаланбайбы (С.Ж).

Мындай белги кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк менен көтөргөн жаңы түндүгүнүн маңыз-мааниси жаңыланган туурараак дүйнөтааным, акылмандуу философия, жөнгө салуучу идеология жана аларга ылайыктуу калыстык саясат менен экономика экендиги менен жана жарандын киши эмес адам болуусу менен байланышкандыгын дүйнөнүн бардык элдерине даңазалабайбы.

Сөздүктө “герб – отличительный знак государства ” делет. Демек кыргыз мамлекети мындай герби жана көтөргөн желеги менен бардык мамлекеттердин алдында өзүнүн бөтөнчөлүгүн толук сыймыктануу менен сүрөттөп баардыгын суктантмак!

“Азыркы тартыштык учурда каражаттарды кайдан табабыз?” дегендер көп. Аларга айтаарым, алдым-жуттумдукту жашырып обу жок байыгандар көп, парламентсиз жашаса болот, кыскасы, эрк болсо каражат табылат. Азыркыдай алдым-жуттум идеологиясы же азыркыдай демократизм идеологиясы менен жүрө берсек, анда “оорубуз” азайбайт. Ошондо адамдын чачын тик тургузгандай өзүмчүлдүктүн жоруктары гүлдөп кыргыздын акмагы чыгат. Ошондо Кыргызстанды тыштан башкарууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн да болот. Ошентип кыргыз жоголот. Жаңы туура идеологиянын негизиндеги мамлекеттик белгилерди алуу менен кыргыз өз акыл-эсине келип жоголуудан кутулат жана башкаларга үлгү да боло алат!. Жаңы идеологияга негизделбеген белгилерди алуунун кереги жок

Манастын жана Чыңгыздын эстеликтерин бириктирип бир борбордук аянттка коюшу менен 20 жылдык эгемендүүлүктө кыргыз өкмөтү биринчи жолу акылмандуу чечим кабыл алды деймин. Себеби, эгерде ураан катары кыргыз көтөргөн көк желекте Теңирчиликтин белгиси тартылса, анда ал «мен жаран болуп дүйнөнүн эрежесин туура түшүнөмүн жана ошого ылайыктуу киши болбой адам болуп жашаймын жана тиричиликтенемин» - деген ураан салгандык болуп, мындай туу Ала-тоо аянтында көтөрүлүп желбиресе, “кишиге күн сайын адам болуу кыйын экендигин эскертип, адам болгула” – деп кеткен Чыңгызыбыз бир жагында турса жана экинчи жагында системалуу дүйнөтаанымындагы жаран айкөл болоорун айтып дайыма элдерди калыстыкка, ынтымактыкка чакырганды эскерткен Айкөл Манасыбыз турганы акылмандуулуктун жышааны эмеспи. Эгерде тарых музейдин артына Түркология эмес Кыргызология илимий инситутунун (Түрк илгерки кыргыздын бир баласынын аты эле) имараты туруп бетинде оймолор менен кыргыздын бөтөнчүлүгүн даңазалап сүрөттөгөн жаңы кыргыз герби тартылса жана дүйнө мыйзамдарын баяндаган кыргыз оймолору менен аянт кооздолсо гана! Анда мындай аянт баардыгын ойлондуруп туура акыл-эске келтирүүчү жай болбойт беле! Кыргыз таануу азыркыдай чар жайыт болбой академиянын алдындагы бир илимий институтта болушу зарыл. Сөз аягында кайталай турганым, кыргызда баардыгы бар бир гана акылман жетекчилик жетишпейт.

автор- Жорупбеков Сатылган, доцент КУУ