Талкуу:Кыргыз тили

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Добрый день,

к сожалению, я не говорю Ваш язык. Таким образом я ставлю мой вопрос на русском языке и надеюсь. то, что здесь можно помогать мне. В немецкой статье о Вашем языке выглядит написанным, что Ваша страна введет латинский алфавит до 2010. Это должно быть решено на конгрессе в Турции, в котором приняла участие также Ваша страна. Соответствует ли это высказывание, в общем? -- 78.31.67.68 12:57, 4 Август (Баш оона) 2008 (UTC) Пользователь "Ghostman"

Кыргыздын тили Адам-ата менен кошо жаралган тил жана ал алгачкы деңгээлдеги системалуу илим-билимдин тили! Башка тилдер ушундай мүнөздөмөгө ээ боло алабы? Менимче, болбойт. Кыргыз тили Адам-атанын адам заманында жаралса, калган тилдер кийинчирээк киши заманында жаралган тилдер деймин (С.Ж). Азыр адамдардын эмес кишилердин заманы экенини окурман билесиңби? Д.Сарыгулов өзүнүн изилдөөсүнө таянып кыргыз тили үй-бүлөө пайда боло электе пайда болгон дейт. Элдердин алгачкы билими системалуу болгону белгилүү (www.hf.msiu.ru/nauka_1-8.htm). Кыргыздын да билими башынан системалуу болуп «Теңирчилик» деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн.. Мындай тааным ислам ибадаттарында айтылган Адам-атага берилген илим-билимден жаралган. Ал кыргыздын макал-лакаптарында камтылган, салт болуп жашаган, Санжыра санаттары болуп тукумдан-тукумга эл арасында ооз-эки айтылып, мурасталып келген. Ал кийин Конфуцийдин кытай шартына ылайыкташтырган эрежелеринде да камтылган (С.Ж). Ал эми биздин азыркы таануубуз системалуу эмес чала тааным. Ушунун кесепетинен бир эле дүйнөдө жашаган элдердин ар түрлүү таанымдары болуп адашышып бири-бирин түшүнбөстүк арбын азыр.

Убагында Теңирчилик адамдай боло тургандар үчүн, адегенде, ал эми калган диндер (таанымдар) кишилер – бузулган адамдар - үчүн кийин берилгендигин, болгондугун баардыгы билишпейт. Ошондуктан көп пайгамбарлардын берилиши менен кээ бирөөлөрдүн мактанышы акмактык экендигин түшүнүшпөйт. Ал эми кыргыз болсо ага бир эле пайгамбар – Адам-ата - берилгени менен жана анын илим-билимин Санжыра санаттары кылып илгертен бери сактап келгендиги, салтында колдонуп келгендиги менен ал сыймыктана алат. Кимдин ким экендиги ушуну менен эле айкындалбайбы, окурман? Муну менен адашкан кыргыз кыргызды жемелеп, бузулгандыгынан аны жамандап, бирок жөнүн айтсаң түшүнбөй каяша айткандардын баардыгынын оозун басса болот! Бирок азыркы кыргыз калган адашкандарды туроо башкаруучулардын саясатынын кесепетинен өзү да адашкан абалда.

Теле-радиодон «Сөздүн төркүнү» аттуу берүүлөрдү уюштуруп, жаштарды системалуу илим-билимдикти камтыган нукура кыргыз сөздөрүн колдонууга үйрөтүш керек. Себеби, көпчүлүк кыргыз сөзүндө, чындыгында эле, илимий чындыктар камтылган, б.а. ал сөздөр жаратылганда илимий чындыкты билген жаран менен аталган гана сөздөр деймин. Мисалы, Обо-энеге берилген ысым. «Жараткан жаранды, жаратылышты жарып жаратат» дегендик (С.Ж.). Муну азыркы илимий жетишкендиктерге салып жоруучу, окурман. Кыргыз сөзүнүн улуулугу анын чыныгы илимий билимдерди камтыганында! Радио-теле берүүлөрдө жөн эле далилсиз кыргыз сөзүнүн улуулугунун мактай беришет. Чындыгында анын улуулугу чыныгы системалуу илимий билимдерди камтыганында. Бул болсо айтылбайт, себеби, азыркы билимдүү кыргыз аны билбейт. Окутулбагандыктан билбейт. Ал эми баардык илимий чындыкты билген – бул Жараткан гана! Себеби, болгон Жараткан гана объективдүү чөйрөдөгү билимдин ээси («Чистосердечное признание» телеберүү, 23.05.2010). Субъективдүү билим ээсиз болбогондой, окшоштуктун принципи боюнча, объективдүү билим дагы ээсиз болбойт. Эгерде мен субъективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси болсом, объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси ким? Ал Жараткан эмеспи. Же объективдүү аң-сезим, билим жокпу? Бар да. Адамды курчаган табигый чөйрө объективдүү аң-сезимдин, билимдин материалаштылган (көзгө көрүнгөн) варианты эле эмеспи? Ал эми субъективдүү аң-сезимдин, билимдин материалаштылганы – цивилизациялык чөйрө да. Субъективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси цивилизацияны жаратып жатса, табигый чөйрөнү (Ааламды) объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси Жараткан жаратып жатпайбы. Бекеринен, «Адам – Ааламдын көркү» дебейт кыргыздын системалуу санаты. Бул теориядагы «окшоштуктун принципи» боюнча «Аалам (анын ээси Жараткан) кандай экендигин», жок эле дегенде, «адамдын кандай экендигинен байкаса болот» дегендик (С. Ж.). Муну дагы жана объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси Жараткандын бар экендигин индус Сатья Саи Бабанын өмүрү далилдейт (www.SaþjaSai.org, www.SaþjaSai.ru жана Э. Мюррей. Человек, творящий чудеса. 1990). Объективдүү билимден гана накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү билимге айланат эмеспи. Бул эмне жалган бы? Жалган эмес, бул да чындык. Муну илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы билимдер төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээрин баяндаган илгерки белги - Теңирчиликтин белгиси - кыргызда бар (С.Ж). Мындай терең маңыздагы белги жалгыз кыргызда. Мындай белги кыргыздын көк түстүү (Теңирдин (Асмандын) Көк түсү) жаңы желегинде болушу керек! Мындай белгинин маңызын терең түшүнбөгөндөр азыр аны башкача кылып бурмалашып сүрөттөп тартышып колдонушуда.

Эгерде айтылгандай болбосо, субъективдүү билими начар болгон убакытта, илгери жаралган кыргыз сөзүндө, белгиде кандайча болуп азыркы илимге гана белгилүү боло баштаган чындыктар камтылып калат? Андай болсо мындай факт дагы кыргыз тили Жараткан менен жаратылып Адам-атага жана биринчи тукумдарына берилгендигин гана далилдебейби жана, ошондуктан, ал кыргызга тийиштүү экендигин да ырастабайбы.

Объективдүү билим - системалуу гана билим, ошондуктан кыргыз тили системалуу билимдин тили – эки дүйнөнү: кыргызча Бар жана Жок дүйнөнү тең бир система катарында карап баяндаган тил деймин. Кыргыз тилинде кош сөздөрдүн көп колдонулушу жана кыргызда гана “киши-адам” терминдердин болушу кыргыздын өзүнүн системалуу дүйнөтаанымынын негизинде баардыгына системалуу мамиле кылгандыгынын белгиси. Жаран жашаган чөйрө - татаал система. Кыргызчылык боюнча, анын андагы жашоосу системалуу мамиледе болгондо гана келечектүү. Бирок, азыркы тиричиликте мындай ойго маани берилбегендик адашкандыктын белгиси, баардыгы системалуу эмес илим-билимдик менен жетектенгендиктин белгиси. Ошентип, кыргыз тилинин бөтөнчүлүгү кыргыздын Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымы менен байланышканында. Д. Сарыгулов изилдеп тапкан кыргыздын бөтөнчүлүктөрүн маани-маңыздары да кыргыздын башынан системалуу түшүнүктөгө ээ болгонунда. автор--Жорупбеков Сатылган, доцент КУУ