Талкуу:Кыргыз элинин калыптанышы

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Ар кандай элдердин адабияттарында Адам-Ева жөнүндө берилген баяндамалар бар. Мындай баяндамалар ойдон чыгарылган немеби же болгон чындыктуу окуянын баяндамасыбы деген суроо туулат? Кыргыздын азыркы сөздүгүндө «адам» термини бул араб тилиники имиш. Мен адистигим информатик катары, бул терминди кыргыз тилинин термини деймин. Кыргыз гана «адам» сөзүнүн маңызын туура жоруй алат. Кыргыз тилинде «адам» термини менен байланышкан көп сөздөр да бар, ал эми башка тилдерде жок. Башканыкы дегендер, мисалы, мага кыргыздын «кишимин деп мактанбай, адам болдум деп мактан» деген макалын эле башка тилге которуп жана «Адам», «Ева» аталыштардын маңызын анда түшүндүрүп беришсин. Анткени, маанисиз аталыш илим-билимде болбосу бул талашсыз чындык эмеспи. Которо да алышпайт, кыргыздыкындай түшүндүрүп да бере алышпайт (сайтты кара). Ошондуктан, «адам» кыргыз сөзү деймин. Андыктан Адам-Еванын баяны ойдон чыгарылган уламыш десек дагы, ал кыргыздын уламышы деймин. Азырынча аны башкалар өзүнүкү кылып мактанып жүрүшөт. Эгерде ал болгон окуянын баяны болсо, анда ал дагы кыргыз менен гана байланышкан окуя деймин. Адам-ата менен Евага (кыргызча Обого) ысымдар кыргыз тилинде берилген, ошондуктан алар кыргыз жана алардын тукумдары да кыргыз. Ошондуктан, мындан кийин Адам-Ева баяны менен кыргыз гана мактанышына акысы бар деймин. Бул курулай болжоо эмес, анткени америкалык генетиктердин изилдөөсү боюнча («Военная тайна» янв. 2012ж. телеберүү) жердеги элдер бир эненин балдары болууда! Дастан Сарыгулов дагы өзүнүн кыргыз сыймыктана тургандай изилдөөлөрү менен кыргыздын пайда болушун Ата заманга жеткендей эле кылып болгон этно-тарихый материалдар менен далилдеп жатпайбы («Кыргыз Туусу», янв. 2012) Аталган ойлордун негизделиши дагы сайтта: www.university.kg – Публикации - ППС жана автордун : Жорупбеков Сатылган. «Кыргыз ким?» ( Б. 2001, 2007ж.) китебинде берилген.