Талкуу:Ч

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Чавай(Чаувай)

Чавай. Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар тибиндеги кыштак. Совет заманында «Чаувай» деп жазылып жүргөн.

Тарыхый маалыматтарга караганда, V-VII-кылымдарда Чавайдын кендеринен кытайлар сымап казып алышкан. Эски кендер дале бүгүнгө чейин сакталып калган.

Азыр Чавай өрөөнүндөгү бул кыштакта 2 миңден бир аз көп эл жашайт. СССР тушунда шаар тибиндеги бул поселоктун көп улутуу эли 5 миңге чейин жеткен. Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдары Чавайда сымап кени ачылып, удаа эле рудадан сымап эритип алчу завод курулат. Кеңеш доорунда кыштакта Геологиялык чалгындоо башкармалыгы да жайгашып, анын геологдору Исфайрам, Апшыр жана Алай өрөөндөрүндө кен байлыктарыны изилдеген.

Поселокто маданий курулуштардан кыргыз тилдүү орто мектеп жана орус тилдүү бир сегиз жылдык мектеп, бир китепкана, эки клуб, бир оорукана, ашкана-ресторан, орус тилдүү эки бала бакча, бир нече дүкөн, ошондой эле китеп дүкөнү, мончосу болгон.

Кыштактагы кийим тигүү фабрикасы, кендер жана сымап эритүүчү завод башка дагы 1940-50-жылдары курулган өнөр жай, соода, маданият имараттары менен чогуу 1990-жылдардын башындагы Акаевдин менчиктештирүү саясаты маалында талоонго алынып, бузулуп тонолгон.

Азыр кыштакта бир да өнөр жай ишканасы жок.

Бөтөн улуттар кен жабылгандан кийин эле көчүп кетишкен. Чавайлык жаштардын көбү Россия менен Казакстанда иштешет.