Талкуу:Ченемдик укуктук акт

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Мүчө кошулат[булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча уңгуга мүчө кошулуп жазылышы керек, мисалы: Куралдуу күчтөр эмес Куралдуу күчтөрү, Кыргыз тил эмес Кыргыз тили ж. б. ушул сыяктуу "актысы" - деп мүчө кошулушу керек деп эсептейм. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 05:09, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 (UTC)

@Абдырашит Сатылганов Кыргыз тилинин эрежелери боюнча "куралдуу" деген сөз сын атооч болот. Ал "күчтөрдү" чагылдырат. "Күчтөр канай ?" деген суроого жооп берет. Андыктан "Куралдуу күчтөр" деп жазылат. Эгерде куралдуу күчтөр Кыргыз Республикасына таандык десеңиз, анда "Ү" мүчөсү кошулат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (кайсы мамлекеттин куралдуу күчтөрү ?). Эгерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр деп жазсаңыз "Куралдуу Күчтөр" мамлекетке таандык маанисине ээ болбой.
Ошондуктан Ченемдик укуктук АКТ. Акт кандай ? Жооп: акт ченемдик жана укуктук. Эгерде кимдир бирөөнүн актысы тууралуу сөз болбосо, сиз, "Актысы кандай ?" деген суроо бербейсизда.
Мисалы:
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускама кандай акт болуп саналат ?
- Ченемдик укуктук.
Эгерде Ченемдик укук боло турган болсо, анда ооба - актысы деп жазабыз: Ченемдик укук ("тук" мүчөсү жок) актысы (мүчө бул жерге көчтү).
Бирок, кеп мүчө кайсы жерде жазылышында эмес. Ал белгилүү. Кыргыз тилинде сөз айкашын ар кандай берсе болот, ушуга байланыштуу гана мүчөлөр өзгөрөт (жогорудагыдай). Бирок, аталышты өзгөрткөнүм «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КР Мыйзамындагы жазылышына байланыштуу. Бирок, башка жагынан өзүм "ченемдик укук актысы" аталышын тандайт элем. Анткени, актылар ченемдик жана ченемдик эмес актылар болуп бөлүнөт. Ошондуктан, акт (бардык актылар укуктук болот) ченемдик болсо, анда ал ченемдик укукту жаратат. Толугу: ченемдик укук актысы (башкача берсек - ченемдик укуктун актысы).
Экинчи себеби акыркы аталыштын интернеттеги кеңири таралганы. Аталышты эртең менен өзгөртүм кеткем (бул маселеге кийинчээрек кайтам дегем). Бирок, мурдагы аталышты кайтарсаңыз каршы болбойм. --Bosogo (баарлашуу) 07:28, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 (UTC)