Талкуу (көл өнөрчүлүк)

Википедия дан

Терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот. Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам оодарып берип турат. Экинчи адам ок жыгачты өйдө-ылдый сүргүлөп ыйкайт. Чеберлер бир метрдей аштама жыгачтан да ачалуу талкуу жасап, жеке адам өзү эле ага терини коюп, тизелери менен кайышты алмак-салмак басып да ийлейт. Чеберлер тери былпылдабыраак болгон чакта талкууга коет. Катуу кургаган тери талкууга келбей сынып калат. Табы менен талкууга түшкөн чылгый терини эки күнчө басуу керек. Баш-аягы он күндө ийге кирген кайышты чеберлер тилет да, ат жабдыктарынын бөлүктөрүн өрө баштайт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)