Талып Молдо
Талып Молдо (Ахун аке) Энциклопедиялык билими бар илимпоз-изилдөөчү.
Байболот уулу (абду Муталиб) Талып-Ахун аке 1855 жылы Жети-Өгүз аймагында төрөлгөн. Ал Чырак айлынын (1905ж.) негиздөөчүсү, кыргыздын алгачкы жазма тарыхчыларынын бири, агартуучу, илимпоз-изилдөөчү, этнограф жана саякатчы. Атасы Байболот ажы өзү арабча окуп, илимден кабары бар, элге кызматы өткөн кадырман айыл башы болуп, уулдарын билим берүү максатында Каракол шаарындагы атыккан молдолордон окуткан. Алардын ичинен Талып-Ахун аке өзгөчө зээндүү чыгып, адегенде араб, кийинчерээк түрк, фарс, уйгур,франсуз, немис,англис,орус, латын тилдеринде эркин сүйлөп жана жазып, өмүрүнүн акыркы жылдарында япон жана кытай тилдерин өздөштүрүп китеп окууга жетишкендигин профессор Алдашев Абдулхай жазып кеткен. Немис тилинде К.Маркстын «Капиталын» окуп чыгып революция мезгилинде карапайым кыргыздарга заман кандайча өзгөрөөрүнө түшүнүк берген, жана газета журналдарды Баку, Казан, Истанбул, Кашгар,Уфа ж.б. чоң шаарлардан тынымсыз алдыртып тургандыктан коом жаңылыктары менен тааныштырып турган.
1902-ж Кыргызстан боюнча Караколдо ачылган биринчи элдик китепкананы уюштурууда төрт демөөрчүнүн бирөө жана жалгыз кыргыз болуп, китепкананын фондусуна көптөгөн баалуу китептерди өткөрүп берип, өмүрүнүн акырына чейин жардам берип, билим очогунан кол үзгөн эмес.
Талып-Ахун аке алгачкылардан болуп кыргыз тарыхы, үрп-адаты, оозэки чыгармаларын изилдеген. Кыргыз илимдер академиясында сакталып калган тарихий этнографиялык эмгеги «Кыргыз тарыхы, уруучулук түзүлүшү, түрдүү салттар»- деп аталып, кыргыздын түпкү теги, кыргыз улутунун калыптануу мезгили, Тянь-Шяндык кыргыздардын азыркы аймакка келиши ж.б жөнүндө баалуу маалыматтарды жазган. Ал химия, физика, биология,география, математика, астрономия илимдеринен кабардар болуп, медицинаны да өздөштүрүп, практика жүзүндө колдонуп айылдаштарын даарылаганы, чарчаганда высший математикадан эсепеп чыгарып алаксыгандары боюнча маалыматтар бар.
Жашаган боз үйүнүн керегеси айланта жайылган китептерге толуп, лабараториялык аспаптардын жардамы менен химиялык тажырыйбаларды жасап, реакцияларды жүргүзгөнүн, кийин согуш убагында Каракол шаарында ачылган биринчи педагогикалык институттун география факультетинин өкүлдөрүнө химиялык лабараториянан куралдарын белек катары бергени далилдейт.
Ар кыл тармактан билими күчтүү, энциклопедиялык билими бар, өз заманынан кыйла астыда жүргөн акылы, феномен, уникалдуу окумуштуу-Талып Молдо (Ахун-аке) 1949 жылы январь айында 94 жаш курагында дүйнөдөн кайтып, өзү негиздеген Чырак-тамга айлына коюлган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
- "Абит Ахматов" китеби Ахматова Г.А.