Таль

Википедия дан

Таль (голландча talie), тельфер – компакттуу асма жүк көтөргүч түзүлүштүк таль кол менен, электрдик же пневматикалык кыймылга келтирилет. Ал кыймылдуу жана кыймылсыз блоктон жана шкивден, трос же металл чынжырдан турат. Кол менен иштетилме таль шкивдин санына жараша түрдүү болот, мисалы, 2 шкивдүү. Таль туруктуу орнотулма жана бир рельстүү асма жол менен жылдырылма болуп бөлүнөт. Кол менен иштетилме таль 0,1–10 тонна жүк көтөрө алат. Электр талынын жүк көтөрүмдүүлүгү 0,25–10 тонна, бийиктиги 4–30 м, көтөрүү ылдамдыгы 8–20 м/мин, жылдыруу ылдамдамдыгы 20–30 м/мин. Электр тогун колдонууга мүмкүн болбогондо пневматикалык таль пайдаланылат, ал 0,1 тоннага чейин жүк көтөрөт. Механикалаштырылган таль өндүрүштүн бардык чөйрөсүндө, мисалы, курулушта, арматура, насос оңдоодо ж. б. түзүлүштөрдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]