Тамак кошумчалары

Википедия дан
Тамак кошумчалары

Тамак кошумчаларытамак азыктардын даамын, жытын жана сиңимдүүлүгүн жакшыртуу максатында аларга кошулуучу табигый жана синтетикалык заттар.
Алардын азыктык касиети жок. Колдонулушуна жараша алар тамак азыктарынын өңүн, жытын, даамын (таттуу, кычкыл, туздуу жана башкалар) жакшыртуучу; тамак азыктарын сактоодо туруктуулугун жогорулатуучу (микроб өлтүргүч каражаттар, ачытпас каражаттар); тамак азыктарын даярдоо технологиясын жакшыртуучу (камырды көптүрүүчү заттар жана башкалар) болуп бөлүнөт.

Колдонулучу өнөр жайлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тамак кошумчалары кондитер, суусун ичимдиктерин даярдоо өнөр жайында кеңири колдонулат. Тамак кошумчалары организмге терс таасир тийгизүүгө тийиш эмес.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8