Тамак сиңирүү системасы
Тамак сиңирүү системасы – жаныбарлар менен кишинин тамак сиңирүүчү органдарынын тобу. Көпчүлүк жаныбарда эки тешикти – азык кабыл алуучу ооз жана сиңбей калган калдыкты сыртка чыгаруучу арткы бириктирүүчү түтүктөн турат. Жөнөкөйлөрдө тамак сиңирүү клеткада, көп клеткалууларда айрым клеткаларда өтөт. Омурткасыздарда өтө ар түрдүү. Ичеги көңдөйлүүлөрдө энтодерма менен капталган көңдөйү ооз тешиги менен гана сыртка ачылат. Жалпак курттарда энтодермалуу – ортонку ичегиси жана эктодермалуу кулкуну бар; арткы тешиги жок. Немертин жана алгачкы көңдөйлүү курттарда ж. б. омурткасыздарда алдынкы жана ортонку ичеги жана катуу эктодермалуу арткы тешиктүү түз ичегиси болот. Моллюскалардын тамак сиңирүү системасы мүйүздүү жаактары, майдалагыч радула, шилекей бездери, кулкун, кызыл өңгөч, карын, боор, ичке жана ортонку ичегиси, ал эми баш буттуу моллюскалардын уйку бези болот. Муунак буттуулардын тамак сиңирүү системасы татаалдашкан, мисалы, жөргөмүш сымалдардын, көп аяктуулардын курт-кумурскалардын ичегисине бөлүп чыгаруу органы – мальпиги түтүгү, ачылат, жөнөкөй хордалуулардын алдынкы ичегисине бакалоор жылчыгы ачылат. Айрым омурткасыздардын (эндомителер) эвол. процессинде тамак сиңирбоо системасы жоголгон. Омурткалуу жаныбарлар менен кишинин Тамак сиңирүү системасы ооз көңдөйү, кулкун, кызыл өңгөч, карын, ичеги, 12 эли ичеги,жоон ичеги, ички иеги, туз ичеги, боор, уйку безинен турат. Бакалоор менен дем алуучу омурткалуулардын кулкунунда бакалоор тешиктер болуп, ал азыкты ооздон кызыл өңгөчкө жылдыруудан башка, дем алууга да катышат. Көпчүлүк балыктардын, жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулардын, жырткычтардын жана ылгабай азыктанган сүт эмүүчүлөрдүн карыны – жөнөкөй, айрым балыктардын, куштардын, кепшөөчү сүт эмүүчүлөрдүн, кит сымалдардын карыны татаал түзүлүштө болот.