Таман-Негара

Википедия дан

Таман-Негара – Малайзиядагы улуттук парк. Малакка жарым аралынын түштүк-батышында. Аянты 436 миң га. Алгач 1925-жылы Тахан резерваты аталып, 1938-жылдан улуттук парк. Тоолору – нымдуу тропик токойлору менен капталган плато. Паркттын аймагында Малакка жарым аралынын эн бийик жери Гунуг-Тахан чокусу (2187 м) орун алган. Ландшафттын жана жунглилер фаунасын (пил, эки мүйүздүү керик, гаур, замбар, Малайя жолборсу ж. б.) коргоо максатында уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]