Тампонаж

Википедия дан

Тампонаж (tampon – тыгын) – тоо тектердин жарака-жылчыктарын жана көңдөйлөрүн цемент, суюк айнек, чопо же битум эритмелери менен толтуруп (басым астында) массивдердин туруктуулук жана суу өткөрбөө касиеттерин арттыруу процесси. Тампонаж кен казуу иштеринде (тоо тек басымы жогору учурунда), жер астындагы сууларды тоо-кен казмаларына киргизбөө же массивдин (тектердин) урап кетпеси үчүн жүргүзүлөт. Тампонаждын эритме материалдарына карата тоо тектерди цементтөө, битумдоо, силикаттоо, чополоо түрлөрү жана айкалышкан тампонаж колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]