Тамыр

Wikipedia дан
Chlorophytum comosum.
Impatiens glandulifera.
Тамыр.

Тамыр (radix) – сабак-жалбырактуу өсүмдүктөрдүн негизги вегетация органдарынын бири. Ал өсүмдүктү субстратка бекитүү жана андан суу жана азык зат сиңирүү кызматын аткарат. Филогенезде тамыр кургакка чыккан алгачкы өсүмдүктөрдө (риниофиттерде) сабактан кийин тамыр сымал өсүндүдөн пайда болгон. Азыркы тамыр алгач плаун сымалдар жана папоротниктерде пайда болуп, уруктуу өсүмдүктөрдүн тамыры бир топ татаал түзүлүштө. Тамыр урук түйүлдүгүндө эле калыптанып, урук өнгөндө өсө баштап, башкы тамырга айланат. Тамыр учунан узарып, бутактанат. Көп өсүмдүктөрдө негизги жана каптал тамырдан башка көмөкчү тамырлары да болот. Тамырдын учун тамыр калпакчасы каптап турат. Калпакчасынан кийинки бөлүгү 4 зонага (бөлүнүү, өсүү же чоюлуу, сиңирүү же соруу жана өткөрүү же каптал тамырлар) бөлүнөт. Эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тамырында камбий деп аталган меристема тканы калыптанат. Анын клеткалары бөлүнүп, ич жакка ксилеманын, сырт жакка флоэманын клеткаларын пайда кылат. Натыйжада тамыр жооноюп өсүп, экинчи түзүлүшкө өтөт, Алар тамырдын скелетин түзөт. Тамырдын негизги, каптал жана көмөкчү тамырлары жалпысынан тамыр системасын түзөт. Тамыр системасы негизинен эки түрдө: сөңгөктүү жана чачыдай тамыр болуп айырмаланат. Сөңгөктүү тамыр системасында башкы тамыр түйүлдүктүн тамырчасынан калыптанат да, каптал тамырларга караганда жоон жана узун болот. Эки үлүштүү өсүмдүктөргө мүнөздүү. Чачыдай тамыр системасы бүт бойдон бирдей жоондуктагы каптал жана көмөкчү тамырлардан турат. Ал байчечекей, бака жалбырак, бардык бир үлүштүүлөргө мүнөздүү. Сууда өсүүчү жана мите өсүмдүктөрдүн тамыры начар, ал эми кургак жердеги өсүмдүктөрдүн тамыры жакшы өөрчүйт. Кээ бир өсүмдүктүн (эфемерлер) тамыры жер беттеринде жатат, башкаларда (төө тикен ж. б.) жер алдындагы сууга чейин жетет (узундугу 18–20 м), башкалары сууну ар кандай горизонттон алып, универсалдуу (жузгун, сөксөөл ж. б.) болот. Көп өсүмдүктөрдүн тамырлары азык, малга тоют катары, медицинада жана өнөр жайда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]