Танбур

Википедия дан

Танбур, тамбур – өзбек, тажик, уйгурлардын 3 кылдуу чертме музыкалык аспабы.

Жалпы уз. 1100-1500 мм. Мойнунда 16-19 беренеси бар.Беренелер капкагында да кезигет. Танбурдун биринчи (төмөнкү) кылында обон ойнолот, ал эми жогорку эки кылы добуш күчөтүү милдетин аткарат. Добуш катары диатоникалык мүнөздө. Танбур такот аткаруучулар үчүн негизги аспап болуп эсептелет. Аны чертүүдө бармакка кийгизилген илгичтүү шакекче-нахун коддонулат. Танбурдун жаа менен тартуучу түрү сато деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.