Танго

Википедия дан

Танго, цыган тангосу (tando gitano) – 1) Андалусияда кеңири тараган аялдардын жеке бийи; 2) Андалусияда жаралаган куйкум сөздүү тамашалуу ыр. 1850–90-жылдары Севильяда кеңири тараган. Ал кубалыктарда тараган хабанерага окшош; 3) Креолдор тангосу же портенье (Буэнос-Айрестик Танго) 1880-жылы Буэнос-Айрес шаарынын чет жакасында калыптанган. Ал Андалус тангосунун ыргактык, обондук өзгөчөлүгүнөн хабанера пайда болгон. Танго алгач ыр түрүндө жаралып, кийин жуптук бийге айланган; 4) Аргентина тангосу 19-кылымдын 90-жылдары бий катары бүткүл дүйнөгө кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]