Тандоо эрежеси

Википедия дан

Тандоо эрежеси – атом, молекула, атом ядросу жана элементардык бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүн-дөгү кванттык өтүштөрдүн мүмкүндүгүн аныктоочу эреже.

Тандоо эрежесинде кандай өтүштөргө уруксат берилери (өтүш ыктымалдыгы чоң) жана тыюу салынары (өтүш ыктымалдыгы нөл) же жакындатылары (өтүш ыктымалдыгы аз) такталат. Тандоо эрежесиөтө так жана жакындатылган эрежеге бөлүнөт. Квант сандарынын жардамы менен системанын абалын мүнөздөөдө Тандоо эрежеси каралган өтүш-төрдөгү бул сандардын өзгөрүшүнүн мүмкүндүгүн аныктайт. Тандоо эрежесиквант системасынын симметриясына байланыштуу, б. а. белгилүү өзгөртүүлөрдө анын касиеттеринин өзгөрбөстүгү, айрым алганда убакыт жана координаталары сакталуу законуна ылайык келет. Кванттык өтүүдө энергиянын сакталуу законунун бузулушу (импульс, импульс моменти, электр заряды ж. б.) абсолюттук системада мүмкүн эмес. Кванттык өтүштөрдөгү нурланууда молекулалардын жана атомдордун туруктуу абалынын арасында квант сандары үчүн эң негизги тактыкта Тандоо эрежесиколдонулат. Изоляцияланган квант системасы үчүн Т.э. толук жуптук сакталуу закону менен байланышкан. Бул эреженин тактыгы менен атомдордун диполдук нурлануусунда электрондордун спиндик орбиталык моменттеринин чоңдугу менен аныкталуучу кванттык санда жакындаштырылган Тандоо эрежеси пайдаланылат. Мис., сырткы катмарда бир электрону бар атомдун орбиталык квант саны 1ге өзгөрөт. Ал эми татаал атомдо квант саны бардык электрондордун толук орбиталык моментин аныктайт жана жакындаштырылган Тандоо эрежесине баш иет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]