Танзимат

Википедия дан

Калып:Осмон империясынын тарыхы

Танзимат (осмон. تنظيمات‎ — «тартипке келтирүү») — Осмон империясындагы биринчи конституциянын кабыл алынышынан кийинки, 1839 дан 1876 га чейинки модернизациялык ыслаттардын (жана алардын жүргүзүлүш доорунун) адабиятта кабыл алынган аталышы.[1] Ыслаттардын (реформалардын) негизги ынанымдары султан Абдулмежид тарабынан 1839-жылы 3-ноябрда тактыга отуруп жатканда чыгарылган Гүлхане хатт-и шерифинде баяндалган. Мурунку ыслаттарга салыштырмалуу, Танзиматтагы башкы орунду аскердик эмес, социалдык-экономикалык өзгөртүүлөр алган. Демилге бюрократиянын сабаттуу тобуна таандык болгон, аны болсо, Гүлхане хатт-и шерифинин автору болгон Мустафа Решид паша жетектеген.

Танзимат доорунун алдыңкы саясий лидерлери 1839-1855 аралыгында Мустафа Решид паша, 1850-жж. башынан 1871 ге чейин Мехмет Эмин Али паша менен Кечежизааде Фуат пашалар болгон. Фуат пашанын 1868 деги, Али пашанын 1871 деги өлүмүнөн кийин ыслат жүрүмү кризиске учурап, узакка созулган саясий туруксуздук мезгилин баштан өткөргөн.

Батыш тилдеринде жалпылай "Осмон Реформасы" (англ: the Ottoman Reform) атамасы колдонулат.[2]


Тарыхча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлхане хатт-и шерифи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыслаттар (Реформалар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикалык ыслаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алгачкы осмон акча банкноттору чыгарылган (1840);
  • Финансылык ыслат. Финансы министирлиги Франциянын образы боюнча иштей баштайт (1840). Биринчи жолу кайра каржылоонун, акционердик коомдордун түшүнүгүнүн пайыздык чени түзүлгөн, алгачкы фондулук биржа түзүлгөн.
  • Биринчи жолу өлкөнүн бюджети жарыяланган, ал эми 1846-1847 де биринчи заманбап кесиптик бюджет кабыл алынган.
  • Өнөрчүлөр бирдиги (гильдиялар) менен мануфактуралардын фабрикаларга алмаштырылышы;
  • Кайырдиндер үчүн болгон кошумча салыктан баш тартылышы, регулярдык киреше салыгын салууга өтүү. Откуп системасынан баш тартуу.
  • Коррупция менен аз-аздап күрөшүүнүн чегинде, чиновниктер расмий түрдө салыкты төлөөдөн бошотулган.
  • Түркиядагы биринчи пароходстволорун курган Şirket-i Hayriye компаниясынын түзүлүшү (1851);
  • 1855-жылы Осмон империясы алгач ирет ири четөлкөлүк насыяны — Улуубританиядан алган.
  • Ыстамбулдун Зейтинбурну районундагы кездеме өндүрүүчү алгачкы механикалык фабриканын ачылышы, ошондой эле анын алдындагы кесиптик мектептин ачылышы
  • Жип өндүрүү жана пахта иштеп чыгуу боюнча заводдордун ачылышы
  • Мамлекеттик кызматкерлердин Осмон өндүрүшүнүн кездемелеринен гана кийим тигүүлөрү милдеттендирилди
  • Алгачкы үлгүлүү-индустриалдык парк болгон Йедикуленин жаралышы
  • Алгачкы телеграфтык тармактардын орнотулушу (1847–1855), алгачкы темир жолдордун курулушу (1856);
  • Массалык жол курулуштарынын башталышы
  • Осмон борбордук банкынын түзүлүшү (Bank-ı Osmanî 1856)[3] and the Ottoman Stock Exchange (Dersaadet Tahvilat Borsası, established in 1866);[4]
  • Жеке типографиялар менен басмалардын ачылышына болгон уруксат киргизилди - Serbesti-i Kürşad Nizamnamesi (1857);

Саясий ыслаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алгачкы осмон мажлисинин түзүлүшү, б. а. болочок түрк парламентинин прототиби (1841);
  • Ички иштер министирлигинин (1845) жана Билим берүү министрлигинин (1857) түзүлүшү;
  • Азыркы ыстамбул муниципалитетинин (жергиликтүү башкармасынын) (Şehremaneti, 1854) жана шаардык пландоо кеңешмесинин (İntizam-ı Şehir Komisyonu, 1855) түзүлүшү;
  • Улуттук мыйзам, империянын жалпы калкы улуттук же диний белгиси боюнча бөлүнбөстөн, баары Осмондук деп расмий жарыяланган (1869).

Юридикалык ыслаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биринчи жолу Осмон империясынын букараларынын жашоого, абийир жана кадырга, ошондой эле мүлккө болгон укугу кепилденген (1839 г.).
  • Француз Жаза Мыйзамынын үлгүсүндөгү жарандык жана кылмыштык кодекстин (Жаза Кануннамеси) кабыл алынышы (1840); 1858 де бүтүндөй батыштын үлгүсүн алган экинчи Жаза Кануннаамасы кабыл алынган.
  • Француз Соода Мыйзамынын үлгүсүндөгү Соода жана коммерция жаңы кодексинин (Соода Кануннамеси) кабыл алынышы (1850);
  • Алгачкы жарандык (б. а. кайырмуслимдик) соттордун (Межлис-и Ахкам-ы Адлийе - Meclis-i Ahkam-ı Adliye, 1853) ошондой эле коммерциялык соттордун жана Жогорку соттун (Межлис-и Али-йи Танзимат - Meclis-i Ali-yi Tanzimat, 1853) пайда болушу;
  • Жер кодексинин кабыл алынышы (Арази Кануннамеси - Arazi Kanunnamesi (1857);
  • Журналисттик кодекстин кабыл алынышы (Матбуат Низамнамеси - Matbuat Nizamnamesi, 1864)[5]
  • Мамлекеттик кызматкерлерге каршы доолорду кароо үчүн мамлекеттик кеңешме — Шурайы Девлет (Даныштай) негизделген. (1867).

Коомдук ыслаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Осмон империясынын почтасы түзүлгөн (1840);
  • Алгачкы Осмон гимнинин жана Осмон улуттук желегинин (1844);
  • Осмон империясынын тарыхында биринчи жолу калк каттосу болуп, биринчи жолу өлкөнүн эркек калкы саналып чыккан (1844)
  • Толуккандуу паспорттордун прототиби болгон алгачкы межидее киргизилген (1844);
  • Кулчулуктун толук жокко чыгарылышы жана кул соодасына тыюу салынышы (1847);
  • Хатт-ы Хумаюн (1856) бардык дин өкүлдөрүнүн укуктарындагы теңдикти кепилдеген
  • Гомосексуализм үчүн кылмыштык жоопкерчиликтин жокко чыгарылышы (1858) [6];

Маданий ыслаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1846 да Mekatib-i Umumiye Nezareti курулду. Алгачкы Осмон университеттеринин (darülfünun, 1848), академиялардын (1848) жана педагогикалык мектептердин (Дарулмуаллим - darülmuallim, 1848) курулушу;
  • Саламаттыкты сактоо министирлигинин курулушу (Тыббийе Незарети - Tıbbiye Nezareti, 1850);
  • Осмон Илимдер Академиясынын курулушу (Энжүмен-и Даныш - Encümen-i Daniş, 1851);
  • Экономикалык жана саясий илимдер мектептеринин курулушу (Мектеб-и Мүлкийе - Mekteb-i Mülkiye, 1859);
  • Биринчи жолу Осмон империясынын студенттери чет жакка окууга чыгышкан.
  • 1868 де лицей менен университеттин ортосундагы даражада болгон Галатасарай Султаниси ачылган.
  • 1869 да Франсуз билим берүү системасынын үлгүсүндөгү Маариф-и Умумийе Низамнамеси жарыяланган.
  • 1870-жылы Дарүлмуаллимат делген кыздар үчүн педагогикалык мектеп ачылды.
  • Мамлекеттик кадрларды даярдоо максатында Мектеб-и Маариф-и Адлийе курулган.

Аскерий ыслаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз флотунун мобилизациясын баштаган султан Абдулазиз
  • Осмон империясынын профессионалдык жана регулярдык армияга өтүшү (20 жаштан өйдөңкү эркектерди чакыра башташкан). Армиядагы милдеттүү кызматтын мөөнөтүнүн милдеттүү 4 жылга чейин кыскартылышы (1843–44);
  • Биринчи жолу армияда мусулман эместерге да кызмат өтөөгө уруксат берилген (1856);
  • Султан Абдулазиз европаныкынын үлгүсүндөгү аскерий-деңиз флотунун курулушу боюнча буйрук берген.
  • 1867, Аскерий-деңиз министирлиги негизделген (Бахрия Назараты - Bahriye Nezareti).
  • 1869, европаныкына окшоп, кызмат боюнча илгерилөө системасы уюштурулган.


Кошумча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Cleveland, William L & Martin Bunton, A History of the Modern Middle East: 4th Edition, Westview Press: 2009, p. 82.
  2. Ottoman-Empire.org'da Tanzimat Dönemi
  3. Ottoman Bank Museum: History of the Ottoman Bank Archived 2012-06-14 at the Wayback Machine
  4. Istanbul Stock Exchange: History of the Istanbul Stock Exchange. Текшерилген күнү 14 -декабрь (бештин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2012.
  5. NTV Tarih Archived 2013-02-12 at the Wayback Machine history magazine, issue of July 2011. "Sultan Abdülmecid: İlklerin Padişahı", pages 46-50. (Turkish)
  6. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2010.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акимкина Н.А., Люксембург М.А. Практикум по истории стран зарубежного Востока (Индия, Иран, Турция). – М.: Высшая школа, 1963. – 145 с.
  • Хрестоматия по всеобщей истории государства и права: Уч. пособие / Под ред. З.М. Черниловского. Сост. В.Н. Садиков. – Можайск, 1994. – 412 с.
  • Хрестоматия по новой истории: в 3-х тт./ Под ред. А.А. Губера. – М.: Мысль, 1965. – Т.2. – 752 с.
  • Еремеев Д.Е., Мейер М.С. История Турции в средние вевремя: Уч. пособие. – М.: Изд-во МГУ, 1992. – 248 с.
  • Новая история стран Азии (вторая половина XIX – начала ХX вв.)/Под ред. В.И. Овсянникова. – М.: МГУ, 1995. – 329 с.
  • Новейшая история стран Азии и Африки, ХХ век: учеб. для студентов высших учебных заведений: в 2-х ч./ Под ред. А.М. Родригеса. – М.: Гуманит. Изд. Центр ВЛАДОС, 2001. – 4.1: 1900-1945. – 368 с.
  • Евдокимова, А.А. История стран Востока в новое время. Курс лекций: учебное пособие для студентов вузов [Текст]. – Уфа: Изд-во БГПУ, 2009. – 238 с.
  • Edward Shepherd Creasy, History of Ottoman Turks; From the beginning of their empire to the present time, London, Richard Bentley (1854); (1878).
  • Maurizio Costanza, La Mezzaluna sul filo - La riforma ottomana di Mahmûd II, Marcianum Press, Venezia, 2010
  • Nora Lafi, "The Ottoman Municipal Reforms between Old Regime and Modernity: Towards a New Interpretative Paradigm", Istanbul, 2007

http://halshs.archives-ouvertes.fr/docs/00/14/62/10/PDF/LafiEminonuOttomanReforms.pdf


Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Түркиянын тарыхы