Танууну тануу мыйзамы

Википедия дан

Танууну тануу мыйзамы - диалектиканын өнүгүү процессинин багытын мүнөздөгөн мыйзамдарынын бири.

Танууну тануу закону улантуучулукту, жацы менен эскинин байланышын, өнүгүүнүн жогорку баскычында төмөнкү баскычынын кээ бир касиеттери кайталанышын, өнүгүүнүн прогрессчил мүнөзүн туюндурат. Бул закондун айрым белгилери философиянын тарыхында дайын болсо да, Гегелдин идеалисттик системасында ырааттуу калыпка салынган. Диалектикада тануу категориясы бир предметтин бир эле мезгилде «жок болуу» менен башка предметке өтүшүн билдирет. Бирок бул «жок болуу» андан ары өнүгүүгө жол ачат жана откен баскычтардын оң касиеттерин сактап калган байланыш катары эсептелет. Диалек. тануу кубулуштун ички закон ченеминен туулуп, өзүн өзү тануу болот. Диалек. тануунун мацызынан өнүгүүнүн танууну тануудан көрүнгөн өзгөчөлүгү жаралат.

Карама-каршылыктын биримдиги жана күрөшүү мыйзамы өнүгүүнүн булагын, сандык өзгөрүүлөрдүн сапаттык өзгөрүүлөргө өтүү вакону өнүгүүнүн механизмин, ал эми Танууну тануу мыйзамы өнүгүүнүн багытын, түрүн жана натыйжасын көрсөтөт. Танууну тануу мыйзамы бүтүн, белгилүү деңгээлде аяктаган өнүгүү процессинен гана толук байкалат. Эскини танмайынча жацынын найда болун жетилиши жана өнүгүү процессинин болушу мүмкүн эмес. Танууну тануу мыйзамы боюнча өнүгүү ар бири үч стадиядан турган циклдер аркылуу ишке ашат: объектинин баштапкы абалы, анын өз карама-каршылыгына айланышы, б. а. тануу, ал карама-каршылыктын да өз карама-каршылыгына айланышы, б. а. танууну тануу. Өнүгүү тизмегин түзгөн циклдердин ырааттуулугун элестүү түрдө спиралга салыштырууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.