Тапанча аскердик
Тапанча аскердик – ок атылма чакан курал. Милтелүү алгачкы тапанча 16-кылымда Азияда жана Европада пайда болгон. Армияда 17-кылымдан кремний замоктуу, 19-кылымдан капсюлдуу тапанча колдонулган. 19-кылымдын ортосуна чейин тапанчанын найы сайсыз, жылмакай болсо, кийинчерээк ага сай салына баштаган. Түтүнсүз кара дары жана металл гильзалуу патрон ойлоп табылгандан тартып, автомат тапанча жасалган. Азыр тапанча менен 50–70 м аралыктагы бутага тийгизүүгө болот. Аны офицерлер, атайын кызматтагы адамдар колдонушат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9