Таптар

Википедия дан

Таптар – жалпы кызыкчылыктарга жана баалуулуктарга ээ коомдук, салыштырмалуу туруктуу социалдык топтор (мисалы:, дыйкандар, жумушчулар, буржуазия, орто таптары ж. б.). Таптар жана таптык күрөш тууралуу концепциялар Европада 19-кылымда кеңири жайылтылган (Сен-Симон, О. Тьерри, Ф. Гизо ж. б.). К. Маркс менен Ф. Энгельс таптардын бөлүнүшүн өндүрүштүн белгилүү бир ыкмалары менен байланыштырышкан жана таптар күрөшүн тарыхты кыймылдаткан күч деп эсептөө менен пролетариатка буржуазияны күч менен кулатып, тапсыз коомду курууга жөндөмдүү тарыхый миссияны таңуулашкан (Марксизм, Социализм). Социологияда коомду таптарга жана социалдык топторго (курактык, экономикалык, кесиптик, статустук ж. б.) бөлүүнүн ар кандай критерийлери сунуш кылынган (Социалдык стратификация, Катмар, Социалдык статус). Азыркы коомдо коомдук эмгектин бөлүнүшү, менчик мамилелери ж. б. факторлорго байланыштуу социалдык дифференциация менен интеграция процесстеринде өз ара кызматташтык, атаандаштык же келишпестик мамилелерде болгон көп сандаган катмарлар менен топтор пайда болушат; бул катмарлар менен топтор жалпы жонунан демократиялык принциптердин негизинде жөнгө салынышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004