Тапшырма келишими

Википедия дан

Тапшырма келишими – бир тарап (ишеним берилген) экинчи тараптын (ишеним берүүчүнүн) атынан жана эсебинен белгилүү юридикалык аракеттерди бүткөрүүгө милдеттенген келишим. Ишеним берилген бүткөргөн иштер боюнча пайда болгон укуктар жана милдеттер түздөнтүз ишеним берүүчүгө таандык болот. Ишеним берүүчү, эгер ал мыйзамдарда же Т. к-нде каралган болсо, ишеним берилгенге сыйакы төлөп берүүгө милдеттүү. Ишеним берилген тапшырманы ишеним берүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык аткарууга милдеттүү. Алар укук чегинде, ишке аша тургандай жана так болууга тийиш. Ишеним берилген кырдаалга жараша жагдай ишеним берүүчүнүн кызыкчылыгына болсо, жана ал андан бул тууралуу алдынала сурай албай калса, же өз суроосуна учурунда жооп болбосо, анын көрсөтмөлөрүнөн четтеп кетүүгө укуктуу. Ишеним берилген жак мүмкүн болору менен, ал четтөөлөр боюнча ишеним берүүчүнү кабарландырууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]