Таразага тартуу

Википедия дан

Теңек (теңе- этишине зат атооч жасоочу "к" кошулган. Ушул эле жол менен: элек, тарак, орок ж.б сөздөр жасалган.)

Таразага тартуу – (персче: "ترازو" - тарозу) таразанын жардамы менен нерсенин массасын аныктоо.

Таразага тартуунун тактыгы таразага, тараза таштарынын салмагынын тактыгына, Таразага тартуу ыкмасына, айлана-чөйрөнүн таасирине (аэростатикалык, электрдик, магниттик күчтөр; чөйрөнүн температурасы жана нымдуулугу) жараша болот.

Өтө тактык талап кылынбаган, б. а. аэростатикалык ж. б. күчтөр эске алынбаган учурда таразага түз тартуу ыкмасы колдонулат. Бул учурда нерсенин массасы ага теңдеш болгон тараза таштарынын массаларынын алгебралык суммасына барабар болот жана өлчөө жыйынтыгына таразанын ийиндеринин теңдешсиздиги да кошулуп кетет. Мындай таксыздыкты (каталыкты) кетирбөө үчүн көбүнчө бир ийиндүү тараза колдонулат.

Эки (тең) ийиндүү таразада так өлчөө үчүн орун которуштуруу ыкмасы (Борда ыкмасы) колдонулат. Бул ыкма боюнча өлчөнүүчү нерсе таразанын бир табагына, ал эми 2-табагына башка жүк салып, тараза теңделет. Андан кийин массасы өлчөнүүчү нерсени алып таштап, анын ордуна тараза таштарын салып, тараза жүк менен дагы бир жолу теңделет да нерсенин массасы тараза таштары жана таразанын көрсөтүүсү боюнча аныкталат.

Д. И. Менделеев ыкмасында таразанын чектик өлчөө чегине чейин бир табакка тараза таштары, экинчисине башка жүк салынып тараза теңделет. Андан кийин өлчөнүүчү нерсени тараза таштары салынган табакка салып, тараза теңелгенге чейин таштарын четинен алып, нерсенин массасы алынган тараза таштары менен таразанын көрсөтүүсүнөн аныкталат. Үчүнчү ыкма – эки ирет өлчөө жолу (Гаусс ыкмасы). Бул ыкма боюнча нерсени бир жолу өлчөгөндөн кийин нерсе менен тараза таштарынын орду алмаштырылып кайрадан өлчөнөт. Нерсенин массасы М=1/2 (М1+М2) формуласы боюнча табылат. Мында М1 жана М2 – нерсени эки ирет өлчөөнүн негизинде алынган массалар.

Тактыгы жагынан бул үч ыкма бирдей. Таразага тартуу ыкмасын тандоо таразанын түзүлүшүнө жана таразалоо шарттары менен байланыштуу.

Өтө тактыкта өлчөөдө жогорку ыкмалар гана колдонулбастан башка факторлор да эске алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]