Тараза жылдыз

Википедия дан

Тараза жылдыз (иранча ) — зодиак топ жылдызы. Кыш мезгилинин акырында, жазында жана жайдын башында көрүнөт. Кыргыздар Т. ж. боюнча жылдын жаңырышын (1-күнүн) белгилешип, анын жаанчыл же кургакчыл болушун аныктап келишкен. Жыл ичиндеги 365 күндү төрт мезгилге бөлгөндө 91 күндөн туура келет, бөлгөндөн ашып калган бир күндү жылдыз саноочулар Т. ж. деп түшүнүшкөн; бул күн 20-мартка туура келип, жылдын башталышы катары эсептелген. Жаз башталар маалда күн ушул үч жылдыздын ортосуна барып батат. Ушул учурда аба ырайы өзгөрүп кар же жаан жаайт. Кыргыздар күн ушул Т. ж-дын орто ченинен оң жагына өтүп батмайынча бир жерден экинчи жерге көчпөй, сак болушкан. Жылдыз саноочулардын эсеби боюнча күн Т. ж-дын оң жагына ооп батса 2—3 күнгө созулган жаан-чачын болгон жана ал жылы жаан-чачындуу келип, чөп-чар жакшы өсүп, түшүм мол болгон. Кыргыздар, бөтөнчө түнкү күзөтчүлөр Т. ж-дын чыгышы, жалгашы жана батышы боюнча түндүн кайсы маал экендигин же таңдын атышына канча убак (Тараза жылдыз батканда, Таң агарып атканда) калгандыгын аныкташкан:

Супа саадак чалыптыр,

Тараза жылдыз бириндеп,

Бирөө калбай батыптыр.

Жакып ыргып турганда

Таң кашкайып атыптыр (Саякбай Каралаев, 1. 52).

Атка минип он күнү,

Аттаныпсың чоң күнү,

Сапар кылып чоң күнү

Тараза-мыйзам он күнү (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 584инв., 169-б.) деген ыр саптары айгинелеп турат. "Манас" эпосун жараткан байыркы кыргыздар күндөрдү оңго жана солго бөлүп, ошого карата иш кылышкан. Мисалы, ишемби оң күндүн катарына кирген, ошондуктан өтө маанилүү иштерди ишемби күнү башташкан (иштин башы ишемби). Жума сол күндөрдүн катарына кирип, оор күн деп эсептелген жана иш кылбай турган күн болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4