Таракан сымалдар

Википедия дан

Таракан сымалдар (лат. Blattoptera) – муунак буттуулар тибине кирген курт-кумурскалар классынын түркүмү. Денеси жалпак, узундугу 3 ммден 30 ммге жетет (Техас тараканы 3 мм; кара таракан 30 мм). Башында чоң көзү, муунактуу кыл сымал узун муруту жайгашкан. Ооз органы кемирүүчү. Алдынкы бир жуп канаты наарлуу, жонунда жалпагынан бүктөлүп, бардык денесин жаап турат. Арткы канаты тунук, жаргактуу, алдынкы канатынын астында жайгашкан. Таракан сымалдардын көпчүлүгү учуу жөндөмдүүлүгүн жоготкон, буттары узун, күчтүү, жакшы чуркайт. Курсагы узун келип, 8-10 муунактан турат. Таракан сымалдар ачык күрөн, сары күрөң же кара түстө. Көпчүлүк түрлөрү түнкү жаныбар. Таш, таштандылар ж. б. арасында кездешет. Таракан сымалдардын көпчүлүгү жумуртка тууйт, тропиктеги түрлөрү тирүүлөй тууйт, мисалы, күрөң таракан. Толук эмес өөрчүү жолу менен көбөйүшөт. Таракан сымалдардын личинкалары 5–9 жолу түлөп, өтө жай өсөт. Таракан сымалдар жылуулукту сүйгөн жандыктар. Таракан сымалдардын 2500дөн ашык түрлөрүнүн көбү тропик токойлордо кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 50дөн, Кыргызстанда 55тен ашык түрү, айрыкча талаа тараканы, кантала сымал таракан, кумай тараканы ж. б. түрлөрү кеңири тараган. Кээ бир түрлөрү (сары жана кара таракандар) адам жашаган жерлерде жашайт. Тамак-ашка, тери буюмдарына жана өсүмдүктөргө зыян келтирип, кээ бир жугуштуу оору козгогучтарын жана гельминт жумурткаларын алып жүрөт. Каршы күрөшүү чаралары: имаратты (үйдү) таза кармоо; ар кандай жылчыктарды бекитүү; Таракандар көп жерлерге инеектициддерди чачуу жана ууланган татканткычтарды колдонуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]