Тарак баш

Википедия дан

Тарак баш (Agropyron) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Машагы көп гүлдүү. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгү, Сибирь, Орто Азия, Кавказ ж. б. аймактарында 15тей түрү кезигет. Талаа, кургак шалбаа, кумдуу жер, таштуу тоо беттеринде жакшы өсөт. Эгилме 4 түрү бар. Мал үчүн мыкты тоют. Жылына 1 жолу баш алган кезде чабылат. Кургак кара топурактуу талаанын 1 гасынан 20–30 цден кургак чөп, 50 цге чейин көк чөп алынат. 3–4 жылдык тарак баш көп түшүм берет, андан кийин түшүмү азая баштайт. Көп түшүм алуу үчүн жыл сайын минерал жер семирткичтер берилет. Үрөндүк тарак баш комбайн менен чабылат. 1 га жерден 3–4 ц дан алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]