Тарам

Википедия дан

Тарам – узатасынан созулган геологиялык тулку; жаракаларга минералдык заттардын толушунан же жаракага толгон минералдык заттардын чектеш тоо тектер менен метасоматоздук аралашуусунан пайда болот. Тарам – эпигенездик түзүлүштүк Формасына карай жөнөкөй (такта сымал) жана татаал (тепкичтенген, тор сымал ж. б.) болот, ошондой эле альп (минералдык курамы жараканы бойлой жаткан тоо тектердин курамы менен байланышкан), брекчия сымал (жараканын капталын түзгөн тоо тек сыныктарын камтыган), бутактанган (созулуу же жантаюу багыты боюнча тарамчаларга ажырап кеткен), кен таш (кенташ минералынан турган) ж. б. тарам типтерине ажырайт. Тарам менен ар түрдүү кендердин (алтындын, коргошундуу-цинктүү кен таштын, вольфрамдын, сымаптын ж. б.) топтолуусу байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]