Тарбиялоонун методдору

Википедия дан

Тарбиялоонун методдору (грекче «методос»-«жол») – тарбиялоонун максатына жетүү жолу.

Педагогикада бул түшүнүккө окумуштуулар арасында ушул мезгилге чейин бир пикир жок. Практикада, тарбия берүү процессинде тарбиялоонун методун төмөнкүдөй түшүнүк м-н колдонуп жүрөт. Тарбиялоонун методдору тарбия процессинде, тарбиялануучулардын ар кандай ишмердүүлүгүн уюштурууда алардын инсандык сапаттарын, касиеттерин, көз караштарын, ынанымдарын, көнүмүш адаттарын тарбиялоонун максаттарына ылайык өнүктүрүүгө, калыптандырууга багытталган атайын ыкмалардын жыйындысы. Жогоруда көрсөтүлгөндөргө таянсак Тарбиялоонун методдору көп кырдуу ж-а көп жактуу кубулуш болуп эсептелет.

Демек, тарбиялоонун да методдору ошондой көп жактуу, көп кырдуу: Азыркы учурдун талабына ылайык, Тарбиялоонун методдорунун төмөндөгүдөй топтору бар:

  • I топ- окуучунун социалдык тажрыйбасын калыптандыруучу методдор: педагогикалык талап, көнүгүү тапшырма берүү, үлгү көрсөтүү, улуу адамдарды үлгү көрсөтүү, эркин тандоонун кырдаалы.
  • II топ- окуучу өзүнүн иш-аракетине, жүрүм-турумуна, социалдык тажрыйбасына, оюна ой жүгүртүүчү методдор: аңгеме, лекция, ангемелешүү, дискуссия.
  • III топ – окуучунун (тарбиялануучунун)-өзүн-өзү аныктоочу методдор: окуучунун өзүнүн сырткы ж-а ички келбети, жөндөмдүүлүгү, мүмкүнчүлүгү, мүнөзү ж-дө билимдерге сын көз караш м-н кароо жөндөмдүүлүгүн калыптандырууга багытталган иш-аракеттер.
  • IV топ – тарбиялоо процессинде окуучулардын мамилесин, иш-аракеттерин коррекциялоо ж-а стимулдаштыруу: мелдештер, мактоолор, жазалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6