Тардуштар

Википедия дан

Тардуштар – Түрк кагандыгынын карамагындагы аскердик-административдик уруулар бирикмесинин бир (батыш) бөлүгү. Алгач огуздардын ичиндеги (Тардуштар чыгышында, түргөштөр батышында) уруулар катары орхон-енисей жазууларында эскерилген. Кийинчерээк кытай маалыматтарында кезиккен «сеяньто» этноними сир-тардуш деп окула турганын, мындай аталуу кыпчактарга гана тиешелүү экенин В. Радлов белгилеген. Согуш учурунда Тардуштар түрк аскеринин он канатында жайгашып, эки канатты тең кагандар дайындаган шаддар башкарган. Култегин жана Билге кагандын тушунда Тардуштар жөнүндө маалыматтар кезикпей калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]