Тарендик Аристоксен

Википедия дан
Аристокен.

Тарендик Аристокен (грек. Ἀριστόξενος ὀ Ταραντίνος, б.з.ч 360 болжол менен Тарентеде төрөлгөн) – байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетикчилердин мектебинин өкүлү.

Ал өзүнүн негизги («Гармониянын элементтери») эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетикчилердин окуусу менен бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка жана ритм жөнүндө байыркы спекулятивдик-математикалык окууну түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу аркылуу Аристокен көп кылымдар бою көркөм өнөргө таасир тийген музыкага киришүү синтезин түзгөн жандын жана дененин байланышын музыкалык гармония, лиранын катыштары менен салыштырган. Аристокен философтордун таржымалын же пифагорчулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн баштоочусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]