Тармак иштетүү системасы

Википедия дан

Тармак иштетүү системасы (англисче network operation system) – жергиликтүү тармактын иштөөсүн алып барат жана колдонуучуларга файл, ресурс ж. б. тармак кызматтарын пайдаланууга уруксат берет. Тармак иштетүү системасынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 1) административдик (кардарларды) тармакка кошуу, алып салуу жана иштерин уюштуруу); 2) файлдарды башкаруу (файлдардын орундарын аныктоо жана файлдарды серверден клиент компьютерине которуу); 3) принтерди башкаруу (тармактагы принтерге жиберилген документтерди приоритет негизинде басып чыгаруу); 4) коопсуздук (текшерүү жана керек болгон учурда тармак ресурстарына башкалардын кайрылуусун чектөө). Ар башка тармактар ар башка иштетүү системаларын колдонушат. Мисалы, тегиз тармактарында Artisoft LAN, MS Windows 98, Appl AppleTalk иштетүү системалары колдонулат. Ал эми кардар-сервер тармактарында кардар жана сервер бөлүктөрүн камтыган Novel NetWare, MS Windows NT ж. б. тармак иштетүү системасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]