Тартар сымалдар

Википедия дан
Gallinula tenebrosa

Тартар сымалдар (Rallidae) - турна сымалдар түркүмүндөгү тукум.

Майда жана орто чоңдуктагы куштар. Салм. 60 гдан 3,2 кгга жетет. Канаттары кыска жана тегерек. Куйрук бези жакшы өөрчүгөн. Куйрук чалгындары кыска, анын ролун айрымдарында (кашкалдак) учканда артка сунулган манжалуу буттары аткарат. Түсү ар кандай, кээ бирлери кара же көгүш, копчулугу, айрыкча тропик жактагылары чаар. Камыш, бадалдардын арасында жургонуно байланыштуу денеси каптал жактарынан кысыцкы. Көбү көмүскө жерлерде жашап, анча байкалбайт. Сууда жакшы сүзөт, кургакта шамдагай жүрөт. Начар учат. Көбү азыгын түнкүсүн же күүгүмдө издейт. Тартар сымалдар Жер шарына кеңири таралган. Кыргызстанда 6 түрү кездешет. Соң-Көлдө кашкалдак көп уялайт. Алардын 48 уруусу, 140тай туру бар. Тартар сымалдардын көпчүлүгү ар кандай өлөң чөп, суу жээктерин мекендейт. Омурткасыздар ж. б-ды жейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.