Тартылуу

Википедия дан

Тартылуу, гравитациялык аракеттенишүү – материянын ар кандай түрлөрүнүн арасындагы универсалдуу өз ара аракеттенишүү. Эгерде нерселердин кыймылынын ылдамдыгы жарык ылдамдыгынан өтө кичине жана өз ара аракеттенишүүсү салыштырмалуу кичирээк болсо, анда Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону аткарылат. Тартылуу, жалпы учурда, Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы менен түшүндүрүлөт. Тартылуу теориясы күчтүү жана начар электр-магниттик өз ара аракеттенишүү теорияларынан бир топ айырмаланат. 1687-жылы И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун төмөнкүчө формулировкалаган: [[Image:]](1), мында, M, m – материалдык бөлүкчөлөрдүн массалары, r – алардын арасындагы аралык, G – гравитациялык туруктуулук (G=6,6745(8)-10–11 Н м2/кг2). Ньютондун тартылуу теориясы үчүн суперпозиция принциби аткарылат. Тартылуу талаасы потенциалдык талаа, башкача айтканда анын чыңалышы g скалярдык чоңдуктун градиенти катары туюнтулат да гравитациялык потенциал деп аталат: g =–grad<.р (2), мында ф – гравитациялык потенциал. Өз алдынча төмөнкүдөй туюнтулат: φ=-G m/r (3). Ньютондун тартылуу теориясы жана механикасы табият таануу илиминин зор жетишкендиктери болуп эсептелет. Тартылуунун жардамы менен Күн системасындагы жана галактикалардагы нерселердин кыймылын так аныктоого болот. Анын негизинде Нептун планетасынын бар экени, анын мейкиндиктеги орду ж. б. алдын ала айтылган. Бирок Ньютон теориясы гравитациялык потенциал жарык ылдамдыгынан өтө кичине болгон шартта гана аткарылат: |φ|ñ2 тартылуу талаасынын негизги касиети – нерсенин массасына, химиялык курамына ж. б. касиеттерине, карабастан бардыгына бирдей аракеттенишүү менен бирдей ылдамданууларды берет. Мисалы, Жер бетинде бардык нерселер тартылуу талаасынын таасиринде бирдей ылдамдануу (g=9,8 м/с2) менен түшөт. Алгач Г. Галилей тарабынан тажрыйбада аныкталган жана (1) формулага кирүүчү оор масса т0 менен инерттүү масса mu арасындагы пропорциялуулук принцибинин негизи болот. Тартылуу талаасындагы нерсенин кыймыл теңдемеси төмөнкүдөй жазылат: тп a = F = =т0а (4), мында, a =g гравитациялык талаанын чыңалышынын таасиринде нерсе ээ болгон ылдамдануу. Эгерде тц пропорциялуу т0 болуп, ар кандай нерселер үчүн пропорциялуулук коэффициенти бирдей болсо, анда өлчөөнүн бирдиктерин талдоо менен бул коэффициентти бирге айландырууга болот, тuo; анда теңдемеден массалар кыскарып, а түрүнө келет. Бул факт тартылуу талаасындагы нерселердин кыймылы менен ылдамдануучу эсептөө системасына салыштырмалуу нерселердин кыймылынын толук окшош экенин көрсөтөт. А. Эйнштейн үч өлчөмдүү мейкиндикте геометриянын Евклиддик эмес болорун байкаган жана салыштырмалуулуктун атайын теориясында нерсенин инерция боюнча кыймылы убакыт-мейкиндикте геодезиялык деп аталуучу түз сызыктар боюнча өтөрүн көрсөткөн. Ал эми салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын тартылуу талаасында бардык нерселер убакыт-мейкиндикте ийри геодезиялык сызыктар боюнча кыймылдайт. Убакыт-мейкиндиктин ийрейиши гравитациялык талаанын булактары менен түзүлөт. Мында алардын массасы жана системадагы энергиянын бардык түрлөрү катышат. Тартылуу талаасынын өзгөрүшү вакуумда с ылдамдыгы менен таралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]