Таруу

Википедия дан

Таруу – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Таруунун 500дөй түрү Азия, Америка жана Африканын тропик зоналарында (негизинен алынып келинген) 8 түрү КМШ өлкөлөрүндө өсөт. Көбүнчө кадимки таруу эгилет. Тамыры 1 мге чейин терең кирип өсүүчү жаздык эгин. Бир түбүндө бийиктиги 45–50 см, 3-7 көңдөй, түктүү сабагы өсөт. Жалбырагы ичке наштардай. Гүлү шыпыргы топ гүлгө чогулган. Даны майда, тоголок же сүйрү; ак, сары, кызыл ж. б. түрдүү түстө. Вегетация мезгили 60–120 күндүк Кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Ал кара топурактуу, дың жерлерде, жылуу температурада жакшы өсөт. Кумай жана кумдуу семиз жерлерде мол түшүм берет таруу баалуу тамак-аш өсүмдүгү. Анын данында 81% крахмал, 12% белок, 3,5% май бар. Таруунун даны менен саманы мал үчүн мыкты тоют. Саманы жана тыпыны шалбаа чөбүнө тете болот. Орто эсеп менен 1 га жерден 30–50 ц, түшүм алынат. Кыргызстандын топурагы калийге бай болгондуктан, калий семирткичин пайдаланбаса да болот. Таруунун шыпыргы машагынын ортонку бөлүгүндөгү уруктар дүмбүл болгондо оруп жыйналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]