Тарыхты материалисттик түшүнүү

Википедия дан

Тарыхты материалисттик түшүнүү - материянын биринчилиги жана аң-сезимдин экинчилиги жөнүндөгү марксисттик философиянын негизги гноселогиялык принциби. Коомдук кубулушту биринчи жана коомдук аң-сезимди экинчи деп таануу аркылуу тарыхты материалисттик түшүнүү конкреттештирилет. Коомдук кубулуштардын жыйындысы аркылуу идеологиялык мамилелерди аныктайт. Мындай бөлүнүүнүн негизинде төмөнкүдөй жөнөкөй жана табигый факт турат: адамдар, илим, саясат, философия, дин ж. б. менен алектенүүдөн мурда тамактанып, кийинип, турак жайга ээ болушу керек. Материалдык баалуулуктарды өндүрүү процессинде, алар, коомдун материалдык негизин, реалдуу базисти түзүүсү абзел. Мындай көз карандысыз өндүрүштүк мамилелер коомдун идеологиялык жана саясий надстройкасын калыптандырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]