Тарыхый ырлар

Википедия дан

Тарыхый ырлар элдин жашоосу менен тыгыз байланышта болуп, элдин башынан өткөн тарыхый окуяларды чагылдырат. Тарыхый ырлардын башкы темасы эл-жерди коргоо. Андагы башкы каарман эл башына түшкөн кыйынчылыкты абийирдүүлүк менен аткарат. Тарыхый ырларда тарыхый окуяларга байланыштуу өзгөрүүлөр, аларга карата элдин көз карашы берилет. Негизги каарманга арналган ырларда ошол мезгилде болуп өткөн орчундуу тарыхый окуяга түздөн-түз аралашып, анда кандай кызмат өтөгөндүгү баса көрсөтүлөт (мисалы, Шабдан баатырга арналган Ы. Шайбековдун казалы). Тарыхый ырларда каармандар чыныгы тарыхтан алынып, алардын эл үчүн жасаган эрдиктери жана эмгектери өтө жогору бааланат. Кыргыз элинин тарыхында өтө көп кырылууга алып келген 1916-жылдагы козголоңго арналган тарыхый ырларда тигилүү үйүн, асылуу казанын таштап жөө жалаңдап: «Уул-кызын жетелеп, Жөөлөр калды жолдордо. Эне-атасын табалбай, Балдар калды жолдордо»дегендей саптардан элдин башына түшкөн алааматты көрөбүз. Улуу Октябрь революциясынан кийин жарыяланган тарыхый ырларда кыргыз элине эркиндик берген Совет өкмөтүнүн адилеттиги, мурда эзилип келген кедей-кембагалдардын колуна тийген эркиндиги даңкталып, алгачкы басма сөз беттеринен баштап, азыркы күнгө чейин эл-жерге арналган тарыхый ырлар жазылып да, жарыяланып да келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]