Тасман тилдери

Википедия дан

Тасман тилдери – тасманиялыктардын тили. Тасмания аралынын жергиликтүү калкы тарабынан 19-кылымдын аягына чейин колдонулган тектеш тилдер. Америкалык тилчи Ж. Грингбергдин болжолу боюнча тилдердин инди-тынч океан макроуясына кирет. Австриялык окумуштуу В. Шмидт тасман тилдерин бешке бөлсө, австралиялык илимпоз С. Вурм түштүк тасман (В. Шмидт бөлүштүргөн төрт тилди камтыйт) жана түндүк тасман деп экиге бөлгөн. Австралия тилдери сыяктуу эле тасман тилдеринде да каткалаң жана уяң үнсүздөр фонологиялык жактан бири-биринен айырмаланбайт, тишчил үнсүздөр (сибиляннтар) учурабайт. В. Шмидттин пикири боюнча тасман тилдерине айрыкча вокализм мүнөздүү. Граммат. маанилер агглютинациялык суффикстер жана аналитикалык каражаттар аркылуу туюнтулат. Сан, чак, жак категориялары жок. 2–3 же 4кө чейинки гана сан атоочу бар. Лексикасында австралия тилдеринен кирген сөздөр көп учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]