Тасмола маданияты

Википедия дан

Тасмола маданияты, Ташмоло маданияты - алгачкы темир дооруна таандык археологиялык маданият. Негизинен Борбордук Казакстанга тараган. Павлодар областынын Куйбышев (азыркы Актогай) районундагы Тасмола капчыгайынын атынан аталган. Анда ушул маданиятка мүнөздүү мүрзө табылган. Тасмола маданиятынын мүрзөсү адатта чоң жана ага жанаша кичине дөбөдөн турат. Өлүк көргө түштүктү баштантып коюлуп, мүрзө таш плиталар менен жабылган. Кичине дөбөгө адатта ат жана карапа идиш көмүлгөн. Тасмола маданиятынын уруулары көчмөн малчылар болуп, сөөк менен металлдан мыкты буюмдарды жасай билишкен. Анын колдонмо өнөрүнө айбанаттар стили мүнөздүү. Тасмола-1, -2, -3, -5, -6 маданияттарына тиешелүү көрүстөндөр тобун алгач 1946–59-жылдары археологдор А. Маргулан менен анын шакирти М. Кадырбаев изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]