Тассо Торквато

Википедия дан

Тассо Торквато (11. 3.1544, Сорренто – 25. 4. 1595, Рим) – италиялык акын, жазуучу жана драматург. Кайра жаралуунун жана барокконун өкүлү. Аристократтардын үй-бүлөсүнөн. 1563-жылы Болонья университетин бүткөн. Тассо Торквато «Ринальдо» (1562) поэмасынын, «Ашыктык ырларынын» (1581–93), «Король Торрисмондо» (1574) трагедиясынын, «Бошотулган Иерусалим» (1580) деген баатырдык поэманын автору. Кыштак турмушун, жаратылышты сүрөттөгөн «Аминта» (1573) деген драмасы, ошондой эле лирикалары, поэзия теориясы боюнча прозалык чыгармалары бар. Чыгармалары: Освобожденный Иерусалим/Пер. В. С. Лихачева; подготовка текста, предисловие, комментарии А. О. Демина. – СПб., 2007.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]