Тасс терезелери

Википедия дан

Тасс терезелери (Советтер Союзунун Телеграф Агентствосу) — фашизм менен болгон күрөш темаларына арналган, атайын өнөрканаларда чыгарылган Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы сов. үгүт-насыят плакаттары. РОСТА сатирасынын терезелеринин үлгүсүндө уюштурулган ТАСС т. сов. саясый графиканын күрөшчүл үгүт-насыят традицияларынын түздөн-түз андан ары өнүгүшү болгон. Т. т. тыл менен фронттогу адамдарды душман менен күрөшүүгө үндөгөн; сатиралык иллюстрация формасында Совинформбюронун билдирүүлөрүндө гитлерчилерди мыскылдап шылдыңдаган; орус элинин баатырдык өткөн мезгили кеңири чагылдырган. Т. т. өтө оперативдүү тез аткарылган, түп нускалары колдон жасалган трафарет техникасы менен көбөйтүлгөн. Т. т. Москвада (сүрөтчүлөр П. П. Соколов-Скаля, М. М. Черемных, Кукрыникстер, Н. Ф. Денисов жана башка тарабынан акындар С. Я. Маршак, С. И. Кирсанов, С. П. Щипачев жана башка менен тыгыз кызматташтыкта) жана курчоодогу Ленинградда, РСФСРдин кээ бир ири ш-ларында, Өзбекстан, Армения, Азербайжанда жана башка союздук респ-каларда түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]