Тасыракай тоосу

Википедия дан

Тасыракай тоосуФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Кара-Кулжа районун аймагында. Кара-Кулжа, Тар жана Тасыракай сууларынын аралыгында батыштан чыгышка 40- 42 кмге созулат. Туурасы 6–7 км. Орточо бийиктиги 2800–3300 м, эң бийик жери 4383 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска, аты аталган суулардын өрөөндөрүнө тик түшөт; кокту-колоттуу. Девондун кумдук, сланец, карбондун кумдук, алевролит, сланец тектеринен турат. Талаа жана шалбаалуу талаа (2400–2500 м бийиктикке чейин), шалбаа токойлуу бадал (2500- 3100 м), субальп жана альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]