Татаал жер семирткич

Википедия дан

Татаал жер семирткич – курамында өсүмдүккө азык зат болуучу бир нече элементи (азот жана фосфор; азот жана калий; фосфор жана калий; азот, фосфор, калий) бар химиялык бирикмелер. Аралаш жер семирткичтен айырмаланып, татаал жер семирткич химиялык реакциянын негизинде алынат. Татаал жер семирткичке аммофос, диаммофос, аммонийлештирилген суперфосфат, калий селитрасы, калий монофосфаты, калий жана аммоний метафосфат, полифосфаттары ж. б. кирет. Татаал жер семирткичтеги азык заттардын өлчөмү H:R205:K20 (мисалы, 1:1:0,5) катышы аркылуу белгиленет. Татаал жер семирткич курамынын туруктуулугу, азык заттарынын жогорку концентрациясы ж. б. башка кошунду заттарынын аз болушу менен айырмаланат. Жөнөкөй жер семирткичтин аралашмасына караганда татаал жер семирткич түшүмдүн сапатына, өзгөчө картошканын крахмалдуулугуна жакшы таасир берет, натыйжалуу келет. Татаал жер семирткич бүртүк түрүндө чыгарылып, негизги жер семирткич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]