Татаал сөздөрдүн жазылышы

Википедия дан

Киришүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

   Орус тили жөнүндөгү эмгектерде да , түрк тилдери жана анын  ичиннде кыргыз  тили жөнүндө  жазылган  эмгектерде да татаал сөздөр тууралуу  бирдей  түшүнүк, бирдей аныктоо ушул  убакытка чейин жок экенин көрөбүз.

   Орус  эмгектери колдонуп жүргөн грамматикада, адатта татаал сөз жөнүндө  мындай түшүнүк  берилет : “ Эки же андан көп уңгудан  түзүлгөн сөз – татаал сөз деп  аталат. Маселен , водовоз, паровоз, буревестник, паровозостроение, самолет, Ленинград ...”  Ошентип, бир нече сөз  биригип бир сөзгө айланса бир маани берсе  жана мындай сөздү түзүүчү сөздөр (компоненттер) айрым жазылбастан , бирге жазылса, андай сөз орус тилинин окуу китептеринде  татаал сөз деп  аталат. Бир  маани , бир түшүнүк  берсе да компоненттери айрым жазылуучу с оветская Армия, Черное море, сельское хозяйство деген сыяктуу сөздөр татаал сөздөр болуп эсептелбейт.

   Орус тилинин  грамматикасынын кээ бир  авторлору  мындай  сөздөрдү  “ кандайдыр бир  бир  түшүнүктү  же предметти  дайыма көрсөтүп туруучу ,  ошондуктан бир сөздүн ролун аткаруучу бүтүн айкалыштар”( сөздөрдүн бүтүн айкалыштары ) болот деп эсептейт.

   Академик  В.В. Виноградов  өзүнүн  эмгектеринде железная дорога , дом отдыхал, грудная жаба  деген  сыяктуу сөздөрдү “ составдык  терминдер” деп атап, аларды фразеологиялык единицалардын катарына кошот.

   Ошондуктан, биз кыргыз тилиндеги  татаал сөздөргө Стр. 4марсизм-ленинизмдин  тил  жөнүндөгү  илимине сүйүнүп,  советтик тюркологдордун  иштеринин негизинде  колдон келишинче  түшүнүк берүүгө , аны классификациялоого аракет кылдык, татаал сөздөр , татаал терминдер орус тилинен  кыргыз  тилине кандай жолдор менен  өтүп , өздөштүрүлүп жатканын көрсөтүүгү умтулдук.

   Татаал сөздөр, татаал терминдер жөнүндөгү  аныктамаларды,  түшүнүктөрдү  мисалдар менен  жабдыдык. Мисалдар кыргыздын көркөм адабиятынан , коомдук- саясий ,  илимий эмгектерди котормолорунан  жана да оозеки сүйлөгөн сөздөрдөн алынды.

   Түркологиялык эмгектерде татаал сөздөр  жөнүндө ар түрдүү  түшүнүк берилген. Мындай эмгектердин көпчүлүгү татаал сөз өзүнчө бөлүнгөн эмес.  Буга А.Н Кононовдун “ Өзбек тилинин грамматикасы” , Н.А.Баскановдун  “ Каракалпак тили” деген китеби жана башкалар мисал боло алат.  Бул эмгектерде татаал сөздөр  синтаксиздик жолдор  менен  сөз түзүүнүн  мисалы катарында баяндалат.  Түрк тилдеринде татаал сөз – эки жана андан көп сөздөрдүн айкалышканынан келип чыккан сөз экендиги жөнүндө , мындай сөз жаңы түшүнүктөрдү, көтүктү, жалпылоону , экспрессивдүүлүктү,  таамайлыкты көрсөтө тургандыгы  жөнүндө профессор  Н.К. Дмитриевдин  эмгектеринде  бир кыйла толук айтылган.

   Кыргыз тилинин  мектептер  жана педагогикалык училищелер үчүн жазылган жана колдонулуп жүргөн  окуу китептеринде  кыргыз тилинде татаал сөздөр бар экени айтылып келе жатат.  Бирок алар жөнүндө  бирдей  түшүнүк,  бирдей классификация жок. Ар бир автор өзүнүн байкоосу  боюнча түншүнүк берип келатат.  Мектептерде колдонулуп жөргөн эки окуу китебин – К.Бакеевдин жана  Дөөлөтша Исаевдин  окуу китептерин алсак , буларда татаал сөздөр жөнүндө ар түрдүү  түшүнүк жана ар түрдүү классификация берилгендигин көрөбүз. Мисалы, бүгүн, быйыл деген сыяктуу татаал сөздөрдү К.Бакеев “ бириккен уңгу” деп эсептеп, “уңгунун түрлөрү” деген бөлүмдү баяндаса , Д.Исаев  мындай сөздөрдү  “ бириккен сөздөр” деп эсептеп, “ Жөнөкөй жана татаал сөздөр” бөлүмүндө  баяндайт. “Кошмок сөзгө” К.Бакеев “ Эки же андан артык сөздөн туруп, айрым жазылса да , бир гана маанини түшүндүргөн сөздөрдү кошмок сөздөр дейбиз” деген аныктама берип, буга Ысык-Көл, Алп кара куш ... окуп жибер деген сыяктуу мисалдарды келтирсе, Д.Исаев : “ Айрым турганда маани берүүчү эки же андан артык сөздөн кошулуп,  бир түшүнүктү билдирген сөздөр кошмок сөздөр деп аталат” деген аныктоону берет да, кошмок сөздөргө мисал кылып  Кум-Дөбө, көк тикен, ала карга , жети жүз он сегиз, уктап калды  деген сыяктуу сөз айкаштарын келтирет.

     Бир түшүнүктү эки автор эки түрдүү түшүнүп, алардын ар бирөө өзүнчө аныктаганы көрүнүп турат. К.Бакеевдин аныктоосуна караганда кошмок сөз ,эреже катарында, айрым жазылууга тийиш. Албетте ,бул натуура . Анткени : 1)кыргыз тилинде татаал сөздөрдүн компоненттеринин  биринин мааниси жоюлган болсо , же анын мааниси ачык болбосо , анда алар кошулуп айтылышынча жазылат. Мисалы: жарганат, сөөлжан, кашкулак, меңдубана, кызылгат, алабата, чалагайым, чаржайыт, сокбилек жана башкалар ; 2) Кишиге , жаныбарга , затка коюлган энчилүү аттар  эки же андан көп сөздөн түзүлгөн болсо , андай сөздөрдүн компоненттери бөлүнбөстөн бирге жазылат. Мисалы: Асанбек, Бекжан, Алымкан, Аккула, Тайбуурул, Бөрүбасар жана башкалар.

   Дөөлөтша  Исаевдин: кошмок сөздөр- “ айрым турганда маани берүүчү”  сөздөрдөн кошулган  сөздөр дегени дп натуура экендиги дөжогору жакта  келтирилген мисалдан ачык көрүнүп турат.

   Бул эки окуу китебинде  татаал сөздөр жөнүндө берилген аныктамалардын жалпы кемчилиги – татаал сөз эки же андан көп сөздөрдүн  туруктуу айкалышы экенин көрсөтпөгөнүндө.  

Татаал сөздүн маанисин мына мындай аныктама туура берет деп ойлойбуз : Эки же андан көп сөздөн , же болбосо , эки же андан көп компоненттен туруктуу айкалышып, жаңы маани берген же маанини күчөткөн сөздөрдүн айкалышын татаал сөз дейбиз. Мисалы : өнөр жай, мал чарба, бак-дөөлөт, ата-эне, кыз-кыргын, төө тикен, ат кулак, чыр-чатак, ыпыр-сыпыр, кыжың-кужуң, өйдө-ылдың жана башка

 Татаал сөздүн жөнөкөй сөздөн айырмасы .[түзөтүү | булагын түзөтүү]

   Маани жагынан алганда татаал сөз менен жөнөкөй сөздүн ортосунда анчалык айырма жок. Бирок бир кыйла татаал сөз түшүнүктүн ,  сөздөрдүн маанисин тактайт, сөздү экспрессивдүү айтууга, ойду ачык,  таамай айтууга мүмкүндүк берет. Мисалы : саламаттыкты көрсөтүү үчүн “саламатпыз” же “аманбыз” дегендин ордуна “ Соо-саламатпыз” деп айтуу тагыраак, ачыгыраак болот. “Сөздүн ачыгын айт” дегендин ордуна “кың-мың этпей, айта турганыңды айт” дегенде “кың-мың этпей”деген татаал сөз ойду таамай,экспрессивдүү айтып турат. Татаал  сөздөрдүн кээ бирөөлөрү  маанини жалпылап көрсөтөт. Мисалы: “мал-сал”  дегенде малдын бир түрү эмес, жалпы мал жөнүндө түшүнүлөт. “Эгин-тегин” , “бала-чака”,”кыз-кыргын”  жана  башкалар да ушундай.

   Формалдык  жагынан  ала турган болсок , татаал сөз эки же андан көп сөздөрдөн же компоненттерден турат. Ал эми жөнөкөй сөз болсо , бир уңгудан турат ( бул уңгу аффикссиз же аффикстүү  болууга мүмкүн. Мисалы: өтүк, өтүкчө, кой, койчу ж.б.).

Татаал сөздөрдүн мааниси.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

   Татаал сөздөрдүн мааниси кыргыздын жаш адабий тили үчүн зор. Татаал сөздөр тилдин сөздүк составын  байытууга чоң мүмкүндүк берип турат. Жаңы социалисттик турмушка байланыштуу келип чыккан жаңы түшүнүктөрдү, жаңы заттарды, жаңы буюмдарды атоо, айтуу бир кыйла учурда татаал сөз аркылуу болуп отурат. Совет өкмөтү,Коммунисттик партия, ленинизм-марксизм илими, диалектикалык материализм, социалиситтик курулуш,жер казуучу снаряд, стахановдук кыймыл, чөп чабуучу машина, тоют кору, тамыры тоют өсүмдүктөр жана да толуп жаткан башка татаал сөздөр кыргыз тилинин лексикасын байытты, байытып да жатат.

   Татаал сөздөрдүн бир кыйласы ( көбүнчө кош сөздөр) түшүнүктүн, сөздүн маанисин тактайт, кээ бир учурда таамай , ачык айтууга мүмкүндүк берет; бир катары синонимдик маани берет. Муну төмөнкү мисалдардан көрүүгө болот: “тамаша кылды” жана “ойноп-күлдү”деген ,”толтура куйду” жана “мелт-калт куйду ”деген, “абдан көп”жана “миң-сан”деген, “абдан тез”,”абдан бат” жана “үстөккө-босток”  деген татаал сөздөр жана ушул сыяктуулар. Буларга мисал иретинде  Түгөлбай Сыдыкбековдун жана Алымкул Үсөнбаевдин чыгармаларынан мисал келтирели. “ Тааалайыңа берген өз энчиң,булактай ташып турган кең-кол ырысың бар .Башканыкына  сук артпа!” (С.190-191); “ Азыр бир Батиштен башкасы ойноп-күлүп көңүлдүү, шайыр”. “Колундагы кесеге кымызды мелт-калт куйдуруп, кыз обон созо берди”.

   Татаал сөздөр кыргыз тилинде (башка түрк тилдериндегидей эле) көп учурайт. Аларды оозеки сүйлөгөн сөздөрдөн жана фольклордон гана эмес, көркөм адабияттан  жана күндөлүк басма сөздөрдөн да жыш учуратууга болот.    

   Орус тилинен  кыргыз тилине кирген бир кыйла жөнөкөй сөздөрдүн жана терминдердинкотормолордо татаал сөздөр менен алынып жүргөнүн, ошентип, орус тилиндеги жөнөкөй термин  кыргыз тилинде татаал термин( татаал сөз менен алынган термин) болгонун байкайбыз. Мисалы, “ВКП(б)нын тарыхынын  кыскача курсунун” котормосунда “сплочение” деген термин- “баш кошуу” деп, “поведение”-“жүрүш-туруш”, “прение”-“жарыш сөз” деп которулган.

Татаал сөздөрдүн бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

   Маани жагынан карата татаал сөздөрдү төмөнкүдөй топторго бөлүүгө болот:

  1. Илимде, техникада жана коомдук турмушта кабыл алынган терминдер катарында колдонулуучу татаал сөздөр. Мисалы: социалисттик чарба, өнөр жай, эмгек күн, эмгек акы, күжүрмөн баракча , дубал газета,  тил илими, балдар бакчасы жана башкалар.
  2. Ишканалардын,мекемелердин аттарын,менчик аттарды белгилөөчү татаал сөздөр.Мисалы: Коммунисттик Партия,Советтер Союзу,Орто-Азия,Сыр-Дарыя, Ысык-Көл, Кара-Деңиз,СССР илимдер Академиясы, Волга-Дон Каналы, Тоголок Молдо жана башкалар.
  3. Кош сөздөр катарында колдонулуучу татаал сөздөр. Мисалы: ата-эне, бала-чака, кыз-кыргын, азык-түлүк,кат-кабар, чалды-куйду, ыкы-чыкы, чай-пай, кагаз-магаз ж.б.
  4. Предметтердин, нерселердин аттарын түздөн-түз көрсөтө турган татаал сөздөр. Мисалы: оттук таш, бөрү карагат, алабата, ат кулак, төө жалбырак, кырк аяк, ала карга, алп кара куш,кызылгат жана башкалар.
  5. Кыскартылган татаал сөздөр (аббревиатура). Мисалы: КПСС,БК,Райком,Районо,МТС жана башкалар.

Кыргыздын адабий тилинин жалпы өсүшү, ошонун ичинде татаал сөздөрдүн да өсүшү улуу оррус тилини тийгизип жаткан ийгиликтүү таасири зор. Мына ошондуктан, татаал сөздөрдүн түрлөрүн баяндоодон мурун, мына ушул ору тилинен кирген сөздөрдүн ролуна бираз токтолуп өтүү зарыл.    

 

Кыскартылган татаал сөздөр(аббревиатура)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

   Толук маанилүү татаал сөздөрдүн айрым бөлүктөрүнөн түзүлгөн сөздү кыскартылган татаал сөз деп айтабыз.

   Эгер татаал сөздөр эки же андан көп сөздөрдөн,же эки жана андан көп компоненттерден түзүлсө, кыскартылган татаал сөздөр, биз жогоруда айткандай , бүтүн сөздөрдөнтүзүлбөйт,  татаал сөздөрдүн айрым бөлүктөрүнөн түзүлөт да, татаал сөздөргө жакын болот.

   Кыскартылган татаал сөздөр  кыргыз тилиндеги жаңы көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет. Бул сөздөр кыргыз тилине орус тилинин пайдалуу таасири аркылуу келип кирди. Кыскартылган татаал сөздөр да, орус тилинен кирген башка сөздөр сыяктуу, кыргыз тилин байытууга , анын лексикасын өркүндөтүүгө жардам берип жатат.

   Жаңы түшүнүктөрдү өз эне тилинин ресурстарын пайдаланып, жаңы сөздөрдү түзүү жолдорунун бири- кыскартылган сөздөр болуп эсептеле тургандыгын Н.А. Баскаков өзүнүн “ СССР элдеринин тилдеринин жана жазуусунун өнүгүшү” деген макаласында ачык айткан.

   Кыскартылган татаал сөздөр төмөнкүдөй жолдор менен түзүлөт:

   Кыскартылуучу татаал сөздүн ар бир компонентинин биринчи арибинен түзүлөт,мисалы: МТС(Машина-Трактор Станциясы), БК(Борбордук Комитет),СТФ (сүт-товат фермасы)ж.б.

   Кыскартылуучу татаал сөздүн ар бир компонентинин башкы бөлүктөрүнөн түзүлөт,мисалы: Обком (Областык Комитет) ,Райком(райондук комитет), раймаг( райондук магазин), универмаг( универсалдык магазин) жана башкалар.

   Татаал сөздүн биринчи компонентинин башкы бөлүгүнө анын экинчи компоненти бүт кошулуу аркылуу түзүлөт,мисалы: сельсовет( селолук совет) , ппрофсоюз(профессионалдык союз), парткабинет(партиялык кабинет), пединститут( педагогикалык институт) жана башкалар.

   Татаал сөздүн биринчи компоненти бүт алынып, ага калган компоненттеринин биринчи ариптери же биринчи муундары кошулуу аркылуу түзүлөт, мисалы: Кыргыз ССР ( Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы), Кыргызмамбас(Кыргыз Мамлекеттик Басмасы) жана  башка сөздөр.

   Кыскартылуучу татаал сөздөрдүн бир катары кыргыз адабий тилине орус тилинде кыскартылган бойдон алынган ,мисалы: КПСС(орусча толугу- Коммунисттическая Партия Советского Союза, кыргызча – Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясы),ВЛКСМ(орусча толугу- Всесоюзный Ленинский Коммунистический Союз Молодёжи, кыргызча- Бүткүл Союздук Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзу) жана башкалар .

   Кыскартылган татаал сөздөр алардын окулушуна жана айтылышына карата мына мындай болуп бөлүнөт:

  1. Ариптердин аттары боюнча окулуу жана жазылуу,мисалы: СССР-“ЭСЭСЭСЭР”(Советтик Социалисттик Республикалар Союзу), ВЛКСМ-“ ВЭЛ КА ЭС ЭМ”(Жалпы Союздук Ленинчил Комунисттик Жаштар Союзу ), МТС-“ЭМ ТЭ ЭС”(Машина –Трактор  Станциясы) жана башкалар.
  2. Арип менен көрсөтүлгөн тыбыш боюнча окулат жана айтылат,мисалы: ТЮЗ( жаш көрүүчүлөр театры), ВУЗ(жогорку окуу жайы) жана башкалар.
  3. Бир бөлүгү ариптердин аттары боюнча, башка бөлүгү тыбыштар боюнча окулат жана айтылат,мисалы: ЦДСА-“ЦЭДЭ СА” (Советтик Армиянын Борбордук Үйү) ж.б.

        Кыскартылган татаал сөздөрдүн орус тилинде кандай жазылып ,кандай айтылса , кыргызча да так ошондой айтылат. Анткени, биринчиден кыскартылган татаал сөздөрдүн жазылышы , айтылышы кыргыз тилинде  жана орус тилинде бирдей,мисалы: МТС-“ЭМ ТЭ ЭС” (Машина-Трактор Станциясы),райком( райондук комитет) ж.б. Экинчиден, татаал сөздөрдүн орусча  кыскартылган түрү кыргыз тилине эч кандай кыйындыксыз кирди жана элге көп таралды.

   Кыскартылган сөздөр адабий тилге сиңип, элге түшүнүктүү болуп кетти, мисалы: “БК”(Борбордук комитет)деп, ”Райком” дегенди ( Райондук Комитет) деп түшүнөт. Мына ошондой эле СССР,ВЛКСМ,ВЦСПС,РСФСР,РСДРП  деген сыяктуу кыскартылган татаал сөздөр кыргыздарга эң түшүнүктүү  жана ошондуктан так ушул бойдон колдонулуп жүрөт.

   Кыскартылган татаал сөздөр котормолордо гана эмес, көркөм адабиятта да көп учурай турганына мисал катарында Эрнис Турсуновдун “ГЭС курулду” деген ырынан үзүндү келтирсек болот. Ал мындай дейт:

“Бүгүн шаттык, колхозумда шат-күлкү.

Анткени анда жаңы гана ГЭС бүттү.

Заманымдын эр азамат балдары

Тентек сууну ,элпек кылып жүгүрттү”.

Автор ГЭСтин күчүн,кубатын , иштеген ишин айтат . Анын күндүн, айдын жарыгындай сонун жарык бергенин айтып, аны “нур кызы” деп сүрөттөп мактайт:

“Жымыңдатпай асмандагы күн,айды,

Курулган ГЭС нурдун кызы турбайбы”.

Татаал сөздөрдүн кыргызча түрү да кезигет, мисалы: БК (Борбордук Комитет ), райком(райондук комитет),Райатком(райондук аткаруу комитети ) .Кийинки убакта бул сөздүн  райисполком деген  түрү да колдонулуп жүрөт.АКШ(Америка Кошмо Штады).

   Кыскартылган татаал сөздөргө кыргыз тилинин окуу жайлары үчүн жазылган грамматикасынын авторлору ушул күнгө чейин дурус түшүнүк бербей келатышат.  Авторлордун ортосунда  мындай сөздөрдү баяндоодо карама-каршылыктар, түшүнүксөз, кээде натуура баяндоолор орун алып келатат.

Муну аныктоо үчүн бир нече мисал келтирели. Педагогикалык  окуу жайлары үчүн түзүлгөн грамматикада :” башкы тыбыштары же муундары алынып , бир нече сөздөрдөн түзүлгөн сөздөр” кыскартылган сөздөр болот,-деп жазылат. Бул аныктама түшүнүксүз жана натуура экени апачык көрүнүп турат.

   Бул 1940-жылы чыккан китеп. Ал эми мындан 10 жылдан кийин , б.а. 1950- жылы чыккан окуу китебин ала турган болсок, анда да кыскартылган татаал сөздөргө  так аныктама берилбегенин көрөбүз. К.Бакеев 1950- жылы жазган грамматикада мындай  дейт:”Мекеме, оюм,органдар  жана башкалардын бир нече сөздөн  турган татаал аттары башкы тыбышынан, же муунунан кыскартылып айтылса , кыскартылган сөз болот”.Бул аныктамага караганда “Сельсовет”,”профсоюз”,”литфонд”  деген сыяктуу сөздөр жана да башкы тыбышынан кыскартылган “Сельпо”,”райфо”,”райзо” деген сыяктуу  сөздөр кыскартылган сөздөрдүн жазылышы жөнүндө айтып келип, автор мындай дейт: “ Башка  тамгалары алыныпр кыскартылса, бардыгы баш тамга менен жазылат: МТС,ВЛКСМ,  СССР ж.б.” Мындай сөздөрдүн баары тең эле баш тамга менен жазыла бербей турганы белгилүү,мисалы:”вуз”,”рик” деген сыяктуу сөздөр кичине тамга менен жазылат.  

   Мектептер үчүн  1951-1953-жылдарда чыккан Кыргыз тилинин грамматикасында кыскартылган татаал сөздөр жөнүндө аздыр-көптүр туура түшүнүк берилсе да,  анда жогоруда көрсөтүлгөн  каталар жок эмес. Мисалы, бул окуу китебинин  57-58- беттеринде мындай дейилген: “Башкы тамгалары алынып кыскартылган  сөздөрдүн бардыгы чоң тамга менен жазылат”,”Айтканыбызда алфавитибиздеги  тамгалардын аталышы боюнча айтабыз”.

   Кыскартылган татаал сөздөргө да, башка татаал сөздөр сыяктуу, уланды мүчөлүр уланып, өзгөрө берет, кыргыз тилинин закондоруна  бул жагынан толук баш  ийет. Бирок кыскартылган татаал сөздөр кыргыз тилинде жаңы сөздөр түзүүгө негиз болбой келатат.

Кошмок сөздөрдүн бөлүнүшү  [түзөтүү | булагын түзөтүү]

   Компоненттеринин маанисинин жоюлганына же жоюлбаганына карата кошмок сөздөрдү экиге бөлүүгө болот:

  1. Компоненттеринин  мааниси жоюлбаган кошмок сөздөр жана
  2. Бир компоненттин  мааниси жоюлган же бүдөмүк болгон  кошмок сөздөр.

Кыргыз тилинде көбүнчө бир компонентинин  мааниси жоюлган же тилдин өсүшүн азыркы доорунда көпчүлүккө түшүнүксөз болгон кошмок татаал сөздөр бир кыйла учурай  турганы байкалат.Мисалы: кечкурун,аксанатай, карасанатай, мисмилдирикбол, аки таш, момолой чычкан, оп тарт, мыкый үкү, карагат,кожогат жана башкалар.

   Мындагы мааниси түшүнүксүз компоненттер мурун кандай мааниде болгонун, анын кандайча ушул абалга келгенин текшерип табуу- өзүнчө жүргүзүлө турган изилдөөнүн милдети болууга тийиш.

   Азыркы убакытта  бизге түшүнүксөз  компоненттердин маанисин табуу биздин тилибиздин тарыхын  үйрөнүүгө, ар бир сөздүн тарыхый жолун текшерип көрүүгө  байланышкан болуу керек.

   Татаал сөздөрдүн азыркы кезде түшүнүксүз   болуп калган компоненттерин түшүндүрүүгө К.К. Юдахиндин “ Киргизского-русский словарь” деген эмгеги бир кыйла жардам берет. Мисалы,анда “ жан жөкөр” деген копмоненти 1.  “чоро”  деген мааниде,  2.  Тарыхый жагынан алынганда, “ падыша аялдын же падышанын кызынын   жанында жүрүүчү аял кыздар” деген мааниде жана 3. “көшөкөрдөнгөн, жасакерденген адам” деген мааниде ,деп түшүндүргөн. “Кечке жуук” деген сөздө “жуук” деген компонент бул сөздүктө “жакын”деген мааниде деп түшүндүрүлгөн.

                     

                     [түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош сөздөр  кыргыз тилинде өтө көп учурайт.кош сөздөр кыргыздын фольклору гана эмес, көркөм адабиятында да, котормосунда да көп кезигет.

   Биздин жазуучуларыбыз ,акындарыбыз өздөрүнүн көркөм  сөздөрүн элге таамай, образдуу этип жеткирүү үчүн кош сөздөрдү кеңири колдонушат. Мисалы: Кыргыз элинин  атактуу демократ акыны Токтогул “ Эмне кызык” деген ырында :

“Келин-кызга жарашкан

Керенелүү шай кызык.

   Биринчиден , кош сөзгө ушул убакытка чейин аныктоо бере элек, экинчиден ,1950- жылга чейин кош сөздү уңгу менен аралаштырып келишти, үчүнчүдөн , биздин авторлор кош сөздөргө эч кандай анализ бербестен гана аларды санап чыгуу менен чектелип келе жатышат. Мисалы: Ү.Асылбеков педагогикалык окуу жайлары үчүн түзгөн грамматика: “ биринчи сөз маани берип, аяккы сөзү маани бербестен , жардамчы иретинде тиркелип айтылган сөздөр кош уңгулар же кош сөздөр деп аталат” дейт.

   Аныктоочторго ылайык ата-эне,  кыз-келин , ой-пикир, кары-картаң  деген сыяктуу сөздөр кош сөздөргө кошулбай калат. 1950-жылдан бери мектептерде  колдонулуп келаткан Д.Исаевдин биз жогоруда көрсөткөн грамматикасында кош сөзгө мындай аныктама берилет:”Кошу менен жупталып айтылуучу сөздөр кош сөздөр деп аталат”.

   Бул аныктама да так эмес .Муну далилдөө үчүн автордун мына- мындай пикирлерин алып көрөлү: 1) сөздөрдөн кош сөз түзүлөт, 2) ар бир сөздүн мааниси болот: акыл-оюбуздагы  айрым түшүнүктүн  аталышын сөз дейбиз, 3) акыр-чикир, быт-чыт, ыкы-чыкы жанна башка кош сөз болуп саналат.

   Мында автор өз сөзүнө өзү каршы пикир айтканын байкасак болот. Себеби: ыкы-чыкы сөзү айрым -айтым турган  маани бербейт.

   Ошондуктан кош сөзгө ,биз жалпылап төмөнкүдөй  аныктама бердик: Жупталып айтылганда жаңы же кошумча маани берген сөздөр же компоненттер кош сөздөр деп аталат. Мисалы: соо-саламат, аман-эсен , тууган-туушкан, быкы-чыкы жана башкалар.  

   Кош сөздүн кошмок сөздөн айырмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булардын айырмасы мына-мында: 1) айрым турганда мааниге ээ болбогон компоненттерден кошмок сөз түзүлбөйт, кош сөз түзүлөт( ың-жың, ыпыр-сыпыр) 2) кошмок сөздөрдүн компоненттеринин бирөө бир сөз түркүмүнө , экинчиси башка сөз түркүмүнө тиешелүү болушу мүмкүн.Мисалы, көк бөрү, деген кошмок сөздүн биринчи компоненти (көк) сын атооч, экинчи компоненти (бөрү) зат атоочко тийиштүү: кырк аяк деген  кошмок сөздүн биринчи компоненти (кырк) сан атррч, экинчи компоненти (аяк) зат атоочко тиешелүү . Ал эми кош сөз болсо , ал бир гана сөз түркүмүнө тийиштүү болот, б.а. анын компоненттеринин баары  же зат атоочко, же сын атоочко, же сан атоочко, же башка бир түркүмгө тиешелүү болот.

                               Татаал сөздөрдүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

    Кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн бир кыйласы илимде, техникада, маданиятта , турмушта термин катарында  колдонула тургандыгы жөнүндө биз жогоруда айтып өткөн элек.

   Өнөр жайлар, айыл-чарба , техника, маданият жагындагы терминдердин  баары дээрлик кыргыз тилинде Совет бийлиги доорунда кирип отурганы ачык. Мындай терминдердин түзүлүшүнө орус тилинин пайдалуу таасири эң зор.  Кыргыз адабиятында терминдердин жана ошонун ичинде  татаал терминдердин көп учурай турганын көрсөтүү үчүн жазуучу  Касымалы Баялиновдун”Куйбышев”  деген макаласынан үзүндү алсак болот. Бул макалада жазуучу Куйбышевдеги ГЭСтин  курулушуна- коммунизмдин улуу курулуштарынын бирөөнө барып,  андагы болуп жаткан баатырлык эмгектин  ийгиликтерин, анын мыкты кишилерин , андагы советтик сонун техниканы сүрөттөп жазат.  

Макалада  Коммуниттик партия, Совет, Родина, коммунист, комсомол,индустрия, машина, лекция, лектор, стадион,клуб, театр, план деген сыяктуу толуп жаткан советтик сөздөрдөн- кыргыз тилинин лексикасынан көптөн бери ийгиликтүү орун алып, кыргыздын өз сөзү болуп калган сөздөрдөн башкада бир кыйла жаңы сөздөр- жаңы терминднр бар экенин көрөбүз. Мисалы: котлован, перемычка, монтажник, диспетчер, агрегат, шлюз  деген сыяктуу  терминдер ошол улуу курулуш сыяктуу иштер башталгандан бери пайда болуп, кыргыз тилинен өзүнүн ордун алып турат.  

Татаал сөздөр жана фразеологиялык бирдиктер.

   Татаал сөздөр менен фразеологиялык бирдиктерди бири-биринен бөлүп кароо көп кыйынчылыктарды туудурат. Анткени аларды айырмалап турган белгилерди  аныктоо критерийлери иштелип чыкпай,  түрк тилдериндеги  татаал сөздөрдүн  орфографиясы  жөнүндөгү маселелер  ар башкача жол менен  чечилип жүрөт.

   Көпчүлүк адабияттарда татаал сөз менен фразеологизмдердин айырмасы алардын бирге же ар башка жазылышына ылайык аныкталат, себеби андай тилдерде (орус,француз) татаал сөздөрдүн компоненттери бирге жазылат.                                    

Бирок    бул белги кыргыз тилине толугу менен туура келе бербейт. Кыргыз тили башка түрк тилдери сыяктуу эле татаал  сөздөргө абдан бай. Ошондой болсо да, алардын ( татаал сөздөрдүн) көпчүлүгү сөздөрдө  өзүнчө сөз катары  көрсөтүлбөй, ар кайсы  компоненттеринин , тактап айтканда ошол,  айкалыштагы маанини түзүүгө негиз болуп  түшкөн сөздүн уясына берилип,  мунун натыйжасында татаал сөздөрдүн  саны да эске алынбай , жөнөкөй сөздөрдүн саны  гана көрсөтүлүп , тилибиздин лексикалык  байлыгы анча так белгиленбей келе жаткандыгы баарыбызга маалым.

   Мунун себеби  татаал сөздөр 1953- жылдын 30-майындагы Кыргыз ССР Жогорку Советитин Президиумунун Указы менен бекитилген “ Кыргыз тилинин орфографиясындагы” жазуу эрежелерине  ылайык берилип келген .Маселен, акад. К.К.Юдахиндин Кыргызча-орусча сөздүгүндө алар өзүнчө реестр катары  берилбестен, ошол айкалыштагы  маанини түзүүгө негиз  болуп түшкөн сөздүн  уясына мисал катары же ромб белгисинен кийин берилген: карга   ворона: Көк карга, ала карга, чоң карга ж.б  (булардын ар бирине түшүнүк берилет) .

   Орус тилинен кыргыз тилине которулуп алынган орус тилинин жөнөкөй сөздөрү да кыргыз тилине татаал сөз катары кабыл алынып, колдонулуп келген.Мисалы: печать- басма сөз, прение- жарыш сөз, ледокол- муз жаргыч, рукопись- кол жазма.

Жогоруда айтылгандан тышкары, кыргыз тил илиминдеги айрым эмгектерде татаал сөздөр менен фразеологизмдердин  ар башка жазылышы бул эки көрүнүштүн жалпылаштырылган  негизги белгилеринин бири катары да каралып келген. Кыргыз тилинде татаал сөздөрдүн жазылышына карата  мурдагы орфографиялык  эрежелердин негизинде бир топ чаржайыттыктар, баш аламандыктардын орун алып келгендиги чындык эле . Татаал сөздөрдүн жазылышындагы   мындай кемчиликтерди жоюу, аларды бир системага салуу зарыл экендигин учурдун талабы көрсөттү. Мына ушундай жагдайдан улам  кыргыз орфографиясында жазуу эрежелеринин  жаңы редакциясын  иштеп чыгуу талап кылынды. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик  тил боюнча улуттук комиссия  тарабынан берилген кыргыз тилинин  орфографиясынын  жаңы редаксиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомунун негизинде 2002- жылдын 28-июнунда бекитилди.                  

Кыргыз тилинин орфографиясынын жазуу  эрежелеринин жаңы редакциясында көп маселелер иштелип чыккан.Биз бул иште татаал сөздөрдүн жазылышы жөнүндөгү маселелерге токтолуп, татаал сөздөр менен  фразеологизмдердин  карым-катышына  көңүл бурмакчыбыз.

Татаал сөздөр менен фразеологизмдердин жалпылыктары .

Булардын арасындагы эң көп окшоштук субстантивдик жана атрибутивдик  фразеологизмдердин , ошондой эле аларга окшогон татаал көрүнүштөрдүн ортосунан байкалат. Булардын арасына чек коюу үчүн, биздин пикирибизче ,  татаал сөздүн атоо маанисине,  ал эми фразеологиялык бирдиктин   атоо-сүрөттөө мүнөзүнө таянуу керек. Маселен: алтын кашык, алтын саат, эгин талаасы, райондук кеңеш, курман бол, азап чек  деген татаал сөздөр предметти , кубулушту ,  мамилени түз айтат да  жалпы мааниси сөздүн  түз маанисинен куралат. Фразеологизмдер болсо каймана – элестүү мааниге ээ болуп,  алардын мааниси компоненттердин  семантикасына кыйыр түрдө гана  байланышат. Муну менен катар фразеологизмдердин эмойиялуу- экспрессивдүү мүнөзүн жана башка кошумча касиеттерин белгилөөгө болот.

А) Татаал сөздөр да , фразеологизмдер да экиден кем эмес  морфеманын (уңгу сөздүн)  бир бүтүндүккө айланышынан турат. Фактыларды келтирели: беш күндүк, алты айлык, бүткүл дүйнөлүк, ойлоп, табуучу – татаал сөздөр: кежигеси жок, мурдун көтөрүү, жел өпкө, колу ачык, колу чүрүш, жел таман- фразеологизмдер .

Б)  Татаал сөздөрдүн да , фразеологизимдердин да курамындагы ар бир компонент ар башка түшүнүктөрдү билгизбестен  , жалпысынан , биригип,  кандайдыр бир кыймыл аракетти , белгини ,мамилени туюндуруу үчүн кызмат кылат. Ошол себептен компоненттердин жеке ,өз алдынча  тургандагы маанилерине караганда, жалпы бир бүтүндүк мааниси чечүүчү ролду ойнойт. Маселен, кол сал, баш ийдир, өч ал, кол кой деген татаал сөздөр ар бир компоненти аркылуу түшүнүүгө болот.

В) Татаал сөздөрдүн да , фразеологизмдердин да курамындагы ар бир компонент сөз жүрүп жаткан шартка, пикир алышуунун максатына  ылайык  айрым-айрым, өзүнчө тандалып  алынып айкалышпайт, тескерисинче ошол курамы менен бир бүтүндүктү түзгөндүгү табиятына жараша колдонулат. Демек, татаал сөз да, фразеологизм да жөнөкөй сөз сыяктуу эле тилде бир бүтүн , даяр материал катары колдонулат.

Татаал сөздөр менен фразеологизмдердин  бөтөнчөлүктөрү.

А) Кыргыз тилинин фактыларына караганда , татаал сөз менен фразеологизмдердин айырмасы курамындагы  компоненттердин сан жагынанда  сезилет, анткени татаал сөздөр көбүнчө эки,үч компоненттен турса , фразеологизмдердин  компоненттери андан арбындык кылат, синтаксиздик түзүлүшү жагынан сүйлөмгө да  окшошот.

Б) Фразеологизмдердин бир катары алгачкы компоненттеринин сөз өзгөртүүчү мүчөлөрү  анча- мынча болсо да өзгөрүлүшүнө жол берет. Татаал сөздөрдүн  алгачкы компоненттери  андай касиетке ээ эмес. Ошондуктан фразеологизмдердин курамындагы форма жактан өзгөрүүгө мүмкүн болгон бир нече компонент, ал эми татаал сөздүн курамында бир гана компонент болушу мүмкүн.

Өтө сейрек болсо да , айрым татал сөздөрдүн алгачкы компонентине  сөз өзгөртүүчү мүчө улана алат. Мисалы, атка минер, бетке чабар. Бирок буга карап алгачкы компоненти  сөз өзгөртүүчү мүчөлөр аркылуу өзгөрөт деп  ойлоого болбойт. Себеби андай компоненттер речте ошол калыбын өзгөртүүсүз сактайт.

   Эгерде алар форма жагынан  бир аз эле өзгөрсө,  татаал сөздүн касиетинен ажырайт.Салыштырабыз:

Атка минер, бетке чабар( татаал сөз): ат минер,бетти чабар( сөз тизмектери) .

В) Түркологиялык айрым адабияттарда татаал сөздөрдүн ар башка  суроого жооп берип , сүйлөмдүн ар башка мүчөсү  боло тургандыгы жөнүндө  да айтылат. Бирок тилдик фактылардан  далил келтирилбейт. Кыргыз тилинин фактыларына  мындай пикирге каршы келип , татаал сөздөр сүйлөмдүн  бир гана мүчөсү болорун көрсөтөт.

Г) Фразеологизмдер менен татаал сөздөр курамындагы  компоненттеринин   алган ордун сактоо жагынан бири- бирине  жакындашса да,  бардык жагынан өз ара  дал келе бербейт , аткени татаал сөздөрдүн  компоненттеринин  алган орду дээрлик алмашса, бир катар фразеологизмдердин компоненттери синонимдеринеталмашат, бирок фразеологизмдердин маанисиинде өзгөрүү болбойт. Маселен, мурдуна суу жетүү- тумшугуна суу жетүү, колу чүрүш- колу кууш жана башкалар.

Д)  Фразеологизмердин курамындагы  айрым компоненттер факультативдүү мүнөзгө ээ болуп, бирде колдонулса , бирде колдонулбайт.Мунун натыйжасында фразеологизмдердин ар түрдүү варианттары ппайда болот. Мындай өзгөчөлүк татаал сөздөрдөн  кезикпейт.

                   Корутунду:

Татаал сөздөр кыргыз тилинде чоң мааниге ээ. Кыргыз тили 1989- жылдын 23-сентябрында  кабыл алынган “Мамлекеттик тил”   жөнүндөгү  мыйзамынан баштап , кыргыз тилинин эрежелерине ылайык жазып келүүдө.   Жөнөкөй сөздөрдөн татаал сөздөрдү ажырата билүү маанилүү. Алардын айырмачылыктарын , эмнелер аларды жөнөкөй сөздөрдөн ажыратып көрсөткөнүн  так билишибиз керек. Сүйлөмдөрдү жазып жаткан учурубузда жогоруда айтылган  эрежелерди пайдаланышыбыз зарыл.Сөздөрдү тура же ката жазып жаткандыгыбызды билүү үчүн  , ар бир сөздүн түпкү келип чыгышын билишибиз керек. Ал сөздөрдөн кантип татаал сөздөр кураларын аныктайбыз. Мисалы : Бириккен сөздөргө –бүгүн( бул күн) сөзүн алсак болот.Кошмок сөздөргө- кечкурун,карамүртөз сыяктуу сөздөрдү эсептесек болот.

Колдонулган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Классикалык изилдөөлөр (Бишкек.”Принт-Экспресс”-2017)
  • Классикалык изилдөөлөр  ( 2- том лексикология, Бишкек.”KIRLand”-2017.  198-242 беттер)      
  • Татаал сөздөр  .(Р.Шүкүров .Бишкек.2003  50-145-б.)
  • “Советтик Кыргызстан”  журналы (Эрнис Турсунов. 1952-ж.)
  • Грамматика 1-бөлүм.(Асылбекооооос Үмөтбек 1940-ж)