Татаал функция

Википедия дан

Татаал функция – функциядан көз каранды функция. Эгерде у чоңдугу и дан функция болуп, башкача айтканда y=f(u), ал эми u өз кезегинде хтен функция болсо, башкача айтканда у=φ(х), анда у чоңдугу хтен татаал функция деп аталат жана y=f[m(x)] деп жазылат. у чоңдугу көз каранды болбогон аргументинен татаал функция, ал эми u арадагы аргумент деп аталат. y=f[m(x)] татаал функциясы f(u) функциясынын аныкталуу облусуна кирүүчү φ(х) функциясындагы хтин маанилери үчүн гана аныкталат. Мисалы, у=u3, u=cos3 болсо, анда u=cos3x татаал функциясы хтин бардык чыныгы маанилери үчүн аныкталат. Ал эми y=lgu, u=cosx болсо, анда y=lgcosx татаал функциясы cosx>0 болгондо гана хтин чыныгы маанилери үчүн аныкталат. Татаал функцияны функциялардын композициясы аркылуу да аныктаса болот. Мисалы, көп аргументтүү ар кандай рационалдык функцияны арифметикалык 4 амал колдонулган функциялардын композициясынан түзүлгөн татаал функция катары кароого болот f(х, у)=х3+2х2у+ху-3ху2+5у4х функциясы х+у, ху, х-у, у/х функцияларынын композициясынан турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]