Татар маданияты

Википедия дан

Татар маданияты - б. з. ч. 7-3- кылымда Енисей боюндагы Минуса ойдуңунда (ага жакын жердеги Татар аймагынын атынан аталган) таралган архитектуралык маданият. Татар маданиятынын курал-жабдыкгары (шамшар, кыма ж. б.) скифтер стилинде жасалган. Татар маданияты тараган жерлер ЕвраЗиядагы коло иштетүү өндүрүшүнүн эң ири очокторунун бири болгон. Анын эстеликтерине: турак жай калдыктары, аскага тартилган сүрөттөр ж. б. кирет.

Татар маданияты убаганда кетмен менен дыйканчылык кылуу жана I мал чарбасы өнүккөн. Калкы патриархалдык-уруулук түзүлүштө жашаган. Адамдары Афанасий маданияты менен Андронова маданияты убагындагы кишилерге окшош болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.