Татымал

Википедия дан
Татымалдар

Татымалөсүмдүктөрдөн алынып, тамак-ашка аз өлчөмдө кошулуучу кескин жыты жана даамы бар заттар: калемпир, жалган кычы (горчица), лавр жалбырагы, корица, чеге гүл, зире, анис жана башкалар.
Алар кеңири пайдаланылат. Татымал жашылчаларга сарымсак, пияз, хрен, ашкөк жана башкалар кирет. Калемпирдин кызыл, кара, тоголок жана талкаланган түрлөрү тамакка кошулат.

Составы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татымал жашылчалардын составында эфир майы, аларга өзгөчө жагымдуу жыт жана даам берүүчү заттар, ошондой эле аскорбин кислотасы, каротин, фоли кислотасы, пиридоксин сыяктуу витаминдер болот.

Касиеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Андан тышкары татымал жашылчалар бактерициддик касиетке ээ болгондуктан, дарылыкка да колдонулат. Татымалдарды ашыкча пайдалануу жарабайт, дүүлүктүргүч таасири айрым ооруларга жакпайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8